(1:37 / 10.69Mb / )

Стивен Сигал: беш бармактай даамдуу тамак жеген эмесмин

609
(жаңыланган 22:36 05.09.2016)
Голливуд актеру Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышты.

Кыргызстанга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүү үчүн келген Стивен Сигал өлкөнүн табияты аны арбап алганын билдирди.

"Мага сиздердин өлкөнү көрсөткөн президентке ыраазычылык билдирем. Кыргызстан абдан жакты. Өзгөчө тоолор, дарыялар жана көл мыкты экен. Мен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына күбө болуп, аябай таасирлендим", – деди голливуд актеру.

Ал өз сөзүндө беш бармактай даамдуу тамакты эч бир жерде жебегенин айтты.

"Жеген тамактардан беш бармактын даамы таңдайымда калды. Ошондой эле сыйлуу конок катары мага койдун башын тартышты. Андан сырткары, мен үчүн деп жылкы союлду. Мага жакты. Мени бул жакта жакын дос катары күтүп алышты", — деп Кыргызстан алган таасирлери менен бөлүштү.

Сигал ошондой эле Садык Шер-Нияз менен кино тартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыктан тасмага ылайык кары-жаш дебей тасмага тартылчуларды издеп жатканын кошумчалады.

Андан сырткары, Кыргызстанда айкидо боюнча башкы инструктор болуп дайындалганын да белгиледи.

Голливуд актеру атасы бурят болсо, апасы индей кызы экенин айтып, бабалары көчмөн болгонуна токтолду. 

"Көчмөндөр оюндарын өткөрүү эң туура чечим болгон. Кандай жашоо керектигин түшүнүү үчүн кайдан келгенибизди билүү маанилүү. Андыктан келечекте татыктуу жашоо үчүн басып өткөн жолду билишибиз керек", — дейт ал.

Белгилей кетсек, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат. Анда улуттук спорттун 26 түрү боюнча 62 мамлекеттен келген спортчулар күч сынашат.

609
Белгилер:
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Стивен Сигал
Тема боюнча
Стивен Сигал Атамбаевге: көчмөн боордоштордун оюнуна келбей кое алган жокмун
Стивен Сигал тарта турган киносуна кыргызстандыкты издейт