Кырчын: көзгө атар мергендердин мелдеши өттү

Жазылуу
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда жаа атуу боюнча мелдештердин жарым финалдык оюндары болду.

КРдин Салбурун федерациясынын президенти Алмаз Акундун айтымында, спортчулар мелдешке мыкты даярданып келишкен. 

"Спортчулар чындыгында мыкты даярданып келишиптир. Бүгүн жарым финалдык оюндар өттү. Финалдык бөлүктөр эртең болуп, жеңүүчүлөр аныкталат", — деди Акун.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат.  Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0