2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорктогу террордук кол салуу. Архивдик кадр

Жазылуу
Жанкечти террористтер мындан туура 15 жыл мурун АКШдан төрт жүргүнчү учакты басып алып, Нью-Йорктогу дүйнөлүк соода уюмунун имаратын барып кагышкан.

Ошол учурдагы Американын президенти Жорж Буш-кичүүсү мындай варвардык аракетке эч ким көңүл кош карай албастыгын айтып, террорчуларды кармап, аларды жазалоо боюнча бардык аракеттер көрүлө турганын айткан.

Ал эми Россиянын президенти Владимир Путин 11-сентябрда болгон окуядан кийин АКШга болгон сапары учурунда Нью-Йоркко келүү анын расмий программасында болбогонун айтып, бирок бул жерге келбей коюуга болбой турганын билдирген.

Ал терактыдан каза болгондордун жаркын элесин эскерип, өзүнүн каалоосун кырсык болгон жерге орнотулган тактага калтырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0