Баткенде чет элдик каналдар басымдуулук кылып, балдардын тили бузулуп жатат

Жазылуу
Баткен облусунун чек арага жакын айылдарында кыргыз телеканалдары жакшы тартпай, жергиликтүү эл Өзбекстандын же Тажикстандын телеканалдарын көрүп, ал кыргыз балдардын сүйлөө речин бузуп жатат.

Баткен районунун Халмион айылындагы Токтогул атындагы орто мектептин мугалими Жийдегүл Маматбакиева мындай кырдаал жергиликтүү тургундар үчүн зыяндуу экенин белгилейт. 

"Биздин аймакта ондогон чет элдик каналдардын мыкты сапатта көрсөтүүсү балдарыбыздын кыргыз тилинде таза сүйлөөсүнө таасирин тийгизип жатат",— деди мугалим. 

Аталган райондогу Зарташ айылында бир айдан бери санариптик телеберүү иштебей жатканын жергиликтүү тургундар да билдиришти. 

Ал эми Согмент айлынын тургуну Сүйүнбай Имамовдун айтымында, кыргыз тилиндеги каналдардын техникалык жактан мүчүлүштүктөрү элдин чет өлкөлүк телеберүүлөргө ооп кетишине шарт жаратууда.

"КТРК каналын көрүп жатсак, туруп-туруп эле катып калат да, айласыздан балдар Өзбекстандын каналдарын көрө баштайт", — деди Имамов.

Аймактын жаш муундарынын өкүлү, Согмент айылындагы Эркебаев атындагы орто мектептин окуучусу Мадияр Маматкарим уулу чет элдик каналдардын таасири туурасында пикирин билдирди.

"Көргөнүбүз Өзбекстандын каналдары болгондуктан, адабий тилди унутуп, тилибиз бурулуп кетип жатат", — деди 10-класстын окуучусу.

Кыргызча катыра сүйлөгөн чет элдиктер - Sputnik Кыргызстан
Кыргызча катыра сүйлөгөн чет элдиктер
Бул жагдайга жабдуулардын эскириши менен жетиштүү түзүлбөгөн шарт себепкер. Мындай пикирин Радиорелейлик станциялар мекемесинин Баткен районундагы өкүлү Азамат Амиров айтты. 

"Тартылган линиялар талапка жооп бербейт. Көп жерлерде электр кубаты өчкөндө көйгөйлөр жаралат, андан улам аппараттарыбыз күйүп кеткен учурлар бар", — деди Амиров.

Мындай маалыматтык коопсуздук маселесинин чети кылтыйган маселелер Тажикстан менен чектеш Лейлек районунун Кулунду, Жаны-Жер айыл өкмөттөрү баштаган бир топ аймактарда да кездешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0