(1:53 / 13.10Mb / )

ШКУ аскерлери машыгууларын баштады. Жеринен алынган кадрлар

131
(жаңыланган 19:14 15.09.2016)
"Тынчтык миссиясы — 2016" аталышындагы антитеррористик машыгуулардын ачылышы бейшемби күнү Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында өттү.

"Эдельвейс" полигонунда башталган иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Россия жана Тажикстандан эки миңдей аскер жана 300 техника тартылган. 

Иш-чаранын алкагында беш өлкөнүн аскерлери терроризм менен күрөшүү жолдорун үйрөнүп, тажрыйба алмашышат.

131
Белгилер:
машыгуу, Тынчтык миссиясы, ШКУ, Балыкчы
Тема боюнча
Сапка тизилген жоокерлер, желбиреген желектер. ШКУ машыгуусунун сүрөттөрү

Тамак жасап, идиш жууган роботтун таң калтырган видеосу

81
CES 2021 деп аталган көргөзмөдө Moley Robotics компаниясы ашкана ишин кынтыксыз аткарган роботту элге тааныштырды. Анын кадимкидей эле тамак жасай аларын айтышты.

Роботтун эки колу бар, ал кудум адамдыкына окшош. Текчеден тиешелүү азык-түлүктү өзү эле алып, кууруп, бышырып, ал тургай күйгүзүп жибербей аралаштырып да турат. Отту азайтып же керек болсо көбөйтөт.

Бир нерсе төгүлүп же чачылып кетсе, жыйнап да коёру маалым болду. Идиш-аякты кадимкидей жууйт.

Түзүүчүлөр темир ашпозчунун эсине тамак-аш жасоонун беш миң ыкмасын киргизип коюшкан. Авторлор ээси тажап кетпеш үчүн кулинария китебин ай сайын жаңылап турууну пландап жаткандыктарын айтып беришкен.

Роботтун баасы учурда болжол менен 40,8 миң — 74,8 миң доллардын тегерегинде экендигин айтышты.

81
Белгилер:
кулинария, ашкана, тамак-аш, робот
Тема боюнча
Индияда роботтор COVID менен күрөшкөн дарыгерлерге жардамчы болууда. Видео

Атаандашын башка чапкан Месси биринчи жолу кызыл айып кагазын алды. Видео

653
Аргентиналык футболчу командалашына топту өткөрүп берип, чабуулду коштоп чуркаган. Бул учурда Асьер Вильялибр менен кагылыша кеткен.

"Барселона" клубунун капитаны Лионель Месси бильбаолук "Атлетик" командасы менен Испаниянын суперкубогунун финалында орой оюну үчүн беттештен куулду. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды.

Чыр кошумча бөлүктүн экинчи, 15 мүнөттүк таймынын акыркы ирмемдеринде чыккан. Аргентиналык футболчу командалашына топту өткөрүп берип, чабуулду коштогону чуркаган. Бул учурда Асьер Вильялибр менен кагылышып, аны башка чаап, кулатып салган.

Севильяда өткөн чечүүчү беттеште "Атлетик" 3:2 эсеби менен утуп, Испаниянын суперкубогун алды.

Интернеттеги жеткиликтүү маалымат базасы менен алектенген Gracenote компаниясы Месси "Барселона" клубундагы карьерасында өткөргөн 753 беттешинде биринчи ирет кызыл айып кагазын алып, оюндан четтетилгенин Twitter баракчасында белгиледи.

653
Белгилер:
Испания, "Атлетико" командасы, Барселона ФК, Лионель Месси
Тема боюнча
Контрчабуулду куулук менен токтоткон швециялык футболчу жазаланды. Видео
Стамбул аэропортундагы учактар. Архив

Эртеңден тарта Стамбул Бишкек Стамбул авиакаттамынын саны көбөйтүлөт

11
(жаңыланган 14:46 19.01.2021)
Жаңы чечимге ылайык, эртеңден тарта Стамбулга жумасына жети рейс аткарылат. Буга чейин авиакомпания жумасына беш рейс жасап турган.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту Стамбул — Бишкек — Стамбул авиакаттамынын санын көбөйтмөй болду. Бул тууралуу аталган аба майдандан билдиришти.

Ага ылайык, эртең, 20-январдан тарта, Стамбул — Бишкек — Стамбул авиакаттамы боюнча жумасына жети рейс аткарылат.

Жүргүнчүлөрдү Turkish Airlines авиакомпаниясы ташыйт. Буга чейин авиакомпания жумасына беш рейс жасап турган.

11
Белгилер:
рейс, каттам, Бишкек, Стамбул, "Манас" эл аралык аэропорту
Тема боюнча
Кийинки жумадан тарта Бишкектен Лейлекке учак каттай баштайт