Жаркыраган борбор, заманбап техника: Лавров Sputnik Кыргызстанда конок болду

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан редакциялык борборунун заманбап техникалар менен жабдууланган борбору жума күнү Бишкек шаарында ачылып, анын салтанатына Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров катышты.

Sputnik Кыргызстан редакциялык борборунун ачылыш салтанаты жума күнү Бишкек шаарында болуп, Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина жаңы борборго экскурсия кылып, заманбап техникалар менен жабдууланган маалымат борбор жана радиостудияны көрсөттү.

"Мага жаңы борборуңар жакты. Баары заманбап, акыркы үлгүдөгү техника менен жабдууланган. Бул жерде журналисттер үчүн жакшы шарттар түзүлгөн деп ойлойм. Бүгүнкү күндө калыстык эл аралык журналистикага абдан керек болуп турат", — деди Лавров.

Sputnik Кыргызстан маалымат порталы кыргыз жана орус тилдеринде 2014-жылдын декабрь айында иштей баштаган. Портал өлкөнүн интернет-ЖМК тизмесинде биринчи сапты ээлейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0