(1:23 / 8.94Mb / )

Октябрдын башында ачылат деген "Дельфин" бассейнинин абалы

121
Калаа башчысы Албек Ибраимов 10-июлда "Дельфин" бессейнинин ремонтту 1-октябрда бүтүрүү тапшырмасын койгон. Анткен менен бассейнде бүгүнкү күнгө чейин ремонт иштери жүрүүдө.

"Дельфин" бассейнин оңдоо иштери 2011-жылы башталган. Реконструкция башталгандан бери Бишкекте үч мэр алмашты. Ал эми оңдоо иштерине 50 миллион сомго чукул каражат бөлүнгөн. 

Бассейн 1957-жылы курулган. Анда узундугу 20 жана 25 метрлик эки бассейин бар. 

121
Белгилер:
бассейн, ремонт, Албек Ибраимов, Бишкек
Тема боюнча
Маморгандардын акчасы 14 млрд. сомго кыскарат: кимдин чыгымы кандай кесилет
Бишкектин башчысы "Дельфин" спорт жайынын оңдоо иштерине ыраазы болгон жок

Баланын коопсуздугун колу менен коргогон мышык. Ич жылыткан видео

55
Кээде жаныбар болсо да наристенин коопсуздугун ата-энесинен кем калбай коргогон учурлар кездешет. Дал ошондой видео интернет айдыңга тарап кетти.

Балкондун кармагычына колун созгон бөбөктү жанында отурган мышык кадимкидей тыйып, кадам сайын "тартипке чакырып" жатканын көрүүгө болот.

Тили чыга элек бала балкондун кармагычына колун созуп, асылгысы келип, бирок ага жанында периште сымал кайтарып отурган мышык "жол бербей" жатканы четте турган кишинин ичин жылытат. Агала мышык "максатына жетүүгө тоскоол болгонун" түшүнгөн сымал, бөбөктүн бөлмөнүн башка тарабына кетип бара жаткан учуру менен видео аяктаган.

55
Белгилер:
видео, балкон, мышык, бала
Тема боюнча
Шакылдатып башка чапкылап. Мышык менен ымыркайлардын ич жылыткан видеосу

Колун кайрып, акчасын алып... Баткенде иштеген бажычыны кармаган видео

211
Финансы полициясы тарабынан Баткен облусундагы "Кызыл-Бел" бажы өткөрмө бекетинин нөөмөт башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды.

Маалыматка ылайык, Финполго жеке ишкер кайрылып, аталган бекетте иштегендер кызмат абалынан пайдаланып бажы көзөмөлүнөн тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн системдүү түрдө акча берип туруусун талап кылганын айткан. Мындан улам ал бажычыларга чара колдонууну суранган.

"Кечээ, 26-январда, ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында "Кызыл-Бел" бажы бекетинин нөөмөт башчысы М.Т. Кызыл-Кыя шаарында пара алып жаткан жеринен кармалды. Мындан тышкары, анын автоунаасын тинткенде 100 миң сом (чет өлкөнүн валютасы дагы бар) чыккан. Шектүү каражатты кайдан алганын айтып бере алган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") менен катталган.

211
Белгилер:
бажы, пара, кармоо, Баткен
Тема боюнча
700 миң сомдун дайны жок. Оштогу "Достук" бажы бекетинин тескөөчүсү кармалды
"Ош электрдин" мурдагы директору 1 млн. сом пара алууга шектелип кармалды
Ырчы Анжелика Кайратова. Архив

"Айламды таппай калдым". Ырчы Анжелика улуу кызынын да моюну сынганын билдирди

0
(жаңыланган 22:27 27.01.2021)
Ырчы 23-январдын таңында Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Автоунаасында өзү менен кошо, жанында үч кызы болгон.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратованын чоң кызы Айыманын да мойнунун омуртка сөөктөрү сынганы аныкталды. Бул тууралуу ырчы өзү Instagram баракчасына жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Кайратова Анжелика (@anjelika_kairatovna_official)

Ал кыргызстандыктардан кызынын батыраак айыгып кетишин тилеп, дуба кылып коюуну сурап кайрылган.

"Айламды таппай турган кезим. Кызым белим дей берип, моюндун омуртка сөөктөрү сынганын эми көрүп жатабыз. Бир капталы кыймылдабай жатат. Элим, дуба кылалы, Аллахтан жардам, сиздерден жардам сурайм! Ушундай колдоо керекте жалгызсыратпаңыздар, суранам!" — деп кайрылды Кайратова.

Эске салсак, Анжелика Кайратова 23-январдын таңында Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Автоунаасында өзү менен кошо үч кызы болгон. Дарыгерлер беш жаштагы кызынын эки бутунун тең кашка жиликтери сынып, ырчынын өзүнүн омурткалары жабыркаганын айткан. Экөөнө тең операция жасалган. Ал эми эки кызынын абалы туруктуу экени кабарланган болчу.

0
Белгилер:
операция, кыз, ырчы, Анжелика Кайратова, жол кырсык
Тема боюнча
Жол кырсыгына кабылган Анжелика Кайратовага шашылыш операция жасалды
Анжелика менен кызы реанимацияда. Кичүү кызына бүгүн операция жасалат