Интернеттин баасы кандай болорун ЕЭК менен КРдин аткаминерлери айтып берди

Жазылуу
Антимонополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин директору Болсунбек Казаков дүйнөдө интернеттин баасы кымбаттабай эле турганын жана россиялык провайдерлер Казакстанга деле интернетти кымбат баада сатпай турганын айтты.

"Россиядан Казакстанга келген бир мегабайт 1-1,5 долларды түзөт", — деди Казаков.

Ноутбукта интернет колдонуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эгер Казакстан провайдерлери КР үчүн интернет баасын негизсиз көтөрсө, айып салынат
Буга чейин ал Евразиялык экономикалык комиссияга (ЕЭК) казакстандык операторлордун кадамы канчалык деңгээлде жөндүү экендигин карап чыгууну суранып, казакстандык кесиптештерине тергөө жүргүзүүнү сунуштаган.

ЕЭКтин атаандаштык жана антимонополиялык тескөө боюнча министри Нурлан Алдабергенов жолугушуу учурунда комиссия Кыргызстандын кайрылуусун карап жаткандыгын билдирди.

"Эгерде интернетке болгон баа негизсиз көтөрүлгөн болсо ЕЭКтин ыйгарым укуктары айып салууга шарт түзөт", — деди министр.

Казак тарап август айынан тарта интернеттин баасы көтөрүлөөрүн айтып, биздин провайдерлер бул тууралуу колдонуучуларды эскерткен.

КРдин байланыш операторлор ассоциациясы мамбайланыш агенттиги менен антимонополия агенттигине көйгөйдү жайгаруу боюнча суранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0