Үч кылымдан ашуун өмүр сүргөн Ош. Сулайман-Тоо, суктандырган түштүк борбор

Жазылуу
Бүгүн Ош шаары өзүнүн 3016 жылга толгонун белгилеп жатат. Анын алкагында шаар аймагында бир нече маданий иш-чаралар өткөрүлдү. Чоң салтанат өтүп, жарым миңге жакын комузчу "Маш ботойду" борбордук аянтта жаңыртты.

Ош шаарынын көз тайгылткан керемети сүрөттө - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарынын көз тайгылткан керемети сүрөттө
Учурда Ош шаарынын калкы 275 800 адам. Калаанын чет жакасындагы тургундарды кошкондо 500 миңден ашат. Шаарга 11 айыл баш иет.

Маалыматтарга таянсак, Ош болжол менен 30 кылым мурун түптөлгөн. Кокон хандыгы кулатылгандан кийин 1876-жылы шаар деген расмий макамды алган.

Ош шаары мындан туура 16 жыл, тагыраагы 3000 жылдык юбилейинде "Данакер" орденин "тагынган". Мамлекеттик сыйлык өлкөнүн экинчи борборуна 2000-жылдын 4-октябрында президенттин атайын Жарлыгы менен берилген.

Айтмакчы, дүйнө жүзүндө Ошко "бир тууган" — Россиянын Санкт-Петербург, Новосибирск, Кытайдын Үрүмчү, Синин, Ланчжоу, Фошан, Түркиянын Стамбул, Маниса, Йозгат, Амасья, Самсун, Тажикстандын Кожент шаарлары бар.

Ордолуу Ош тууралуу кызыктуу жана маанилүү фактылар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0