Шамал улуган тоодогу кыргыздар. Памирдеги боордоштордун жүрөк эзген жашоосу

Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 3-11-октябрында Памирде жашаган этникалык кыргыздарга 10 миллион сомдун тегерегиндеги каражатка азык-түлүк, жылуу кийим жана дары-дармек жеткирилген. Алардын арасында 50 боз үй да бар.

Миграция кызматынын жетекчиси Бакыт Адылов учурда Памирде 2100гө жакын кыргыз жашап жатканын билдирди.

Адылов экспедициянын дагы бир макскаты элдин ден соолугуна кам көрүү болгонун айтып, жалпысынан 350дөн ашык киши медициналык текшерүүдөн өткөнүн кошумчалады. Ал жакта жашагандар негизинен аз кандуулук, ашказан, муун оорулары менен оорушат.

"Буга чейин экспедиция 2008, 2013, 2014-жылдары барган. Буга чейинки экспедицияларда гуманитардык жардам Улуу Памирдеги Харгуш деген жерине берилип келген болсо, бул ирет Афганистандын аймагына 100 чакырым кирип, кыргыз айылдарына чейин жетип, ошол жерде өз колубуз менен жардам тараттык", — дейт Адылов.

Ал ошондой эле экспедицияны Вахан провинциясынын акими Нахил Рахман коштоп жүргөнүн айтып, жаш балдарды Кыргызстандан окутуу маселеси да талкууланганын билдирди.

"Жаш балдарды окутуу боюнча Вахан провинциясынын акими да жардам бере турганын айтты. Жакында аларды Бишкекке чакырып, анын натыйжасында сүйлөшүүлөр жүрөт. Кудай буюрса Афганистандагы этникалык кыргыздарды кыргыз жергесине алып келип окутуу боюнча алгачкы кадамдарды иш жүзүнө ашырабыз", — деди ал.

Экспедициянын жыйынтыгында Памирди жердеп жаткан кыргыздардын саны каттоого алынган. Ага ылайык, Кичи Памирде 8 айыл, 208 кожолук бар. Ал жакта 1200дүн тегерегинде киши жашайт. Ал эми Улуу Памирде алты айыл бар, ал жакты 825 киши байырлайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0