Кылмыштуулук, тартип жана кызмат. Кашкар Жунушалиев 9 айдагы иши тууралуу айтты

Жазылуу
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымат жыйын учурунда министрликтин тогуз ай ичинде жасаган иштери, кызматтан кетет деген кеп жана Камила Дүйшөбаеванын өлүмү тууралуу айтып берди.

Бүгүн, 21-октябрда ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев жана анын орун басарлары маалымат жыйын куруп, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Жыйын башында Жунушалиев жасалган иштерге токтолду. 

"Көрүлгөн аракеттердин натыйжасында 9 ай ичинде өлкө боюнча 21 миң 154 кылмыш иши катталган. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу кылмыштын 5,1 пайызга азайганынан кабар берет", — деди министр.

Жунушалиев аталган кылмыштардын арасында резонанстуу делген Камила Дүйшөбаеванын өлүмүн орун басары иликтеп жатканын кошумчалады.

Мындан сырткары, министр ИИМде болуп жаткан бардык реформаларды колдоого аларын айтып, кызматтан кетпей тургандыгын баса белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0