(1:06 / 7.05Mb / )

Баткендеги 106 жаштагы энени 80 жаштагы кызы багып, экөө чогуу жашайт

2343
(жаңыланган 00:31 24.10.2016)
Баткен облусунун Баткен районунун Бужум айылында 106 жана 80 жаштагы энеси менен кызы жашайт.

Кылымдан аша жашаган Зара Турсуматова эненин жаштыгы Улуу Ата мекендик согушка туш келиптир.

Убадат апа — Турсуматова Заранын жалгыз кызы. Андан 8 небереси, 28 чебереси, 25 кыбырасы бар.

Бул эки байбиченин батасын алганы айылдагылар көп келип турат экен. 

"Тылда тынымсыз иштеп, ысык-суукту, ачкалыкты башыбыздан өткөрдүк. Эми кызым менен жашап жатам", — деди Заара эне.

Ал эми анын кызы, 80ден ашкан Убадат апа энесине карап, саламаттыгына көз салып турат.

"Энемди карайм, чай берем, уктатам. Экөөбүз ошентип оокат кылып жатабыз. Эч жерден социалдык жардам берилбейт", — деди кызы Убадат Жаркынова.

Ал Баткен райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Айипов Зара Турсуматова энеге согуштун ардагеринин жесири катары 1000 сомдон 2010-жылдан бери жөлөк пул каралганын айтты. Андан тышкары пенсия алат.

"Чоң таянем бизге башынан өткөн окуяларын айтып берет эле. Менин байкашым боюнча, Үркүн учурунда ал 9-10 жашта болгон. Себеби, анын айткандары ошол учурду элестетет. Кыргызстандын башка аймагындай болбосо да анын агымы келсе керек", — деп айтып берди анын чебереси  Дилбар Бакытбек кызы.

Учурда эки байбиче бирине уул, бирине небере болгон үй-бүлөнүн кенжесинин колунда турушат.

2343
Белгилер:
Баткен, энелер, карыя, кемпир, кылым
Тема боюнча
Ван Даммдан өтүп шпагатка отурган 71 жаштагы ат-башылык аксакал сырын айтты
Кытайда кылым жашаган кемпир 71 жаштагы абышкага турмушка чыкты

Аябай бактылуу болуп турам! Акаевдин сурактан чыккандан кийинки маеги видеодо

219
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Бишкекке 16 жылдан кийин кайтып келип, УКМКга сурак берди. Ал Кумтөр кенине байланышкан кылмыш иши боюнча тергөөнүн алкагында чакырылган.

Мурдагы мамлекет башчы УКМК имаратынын ичинде суракта бир нече саат отуруп чыкты. Ал чыгып бара жатып журналисттердин суроолоруна да жооп берди.

Акаев билген маалыматтарын бөлүшүүгө жана мекенине келүүгө уруксат бергени үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле тергөө иштери менен өлкөдө бир жума жүрүп кайра Москвага кетерин айтты. Ал эртең дагы сурак берүү үчүн УКМКга келет.

Акаев бүгүн мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен жолукканын белгилеп, ага ыраазычылык айтты.

"Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Себеби 16 жылдан бери биринчи ирет Ата журтка, элибизге келип отурам. Кумтөр боюнча билгенимдин баарын айтып берип, өлкөгө жардам берем. УКМК төрагасына ыраазычылык билдирем, мени жакшы тосуп алып, көңүл буруу менен мамиле кылышты. Болгон чындыкты чын жүрөктөн айтуу үчүн келдим ", — деди мурдагы президент.

Буга чейин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирген.

Ушул эле иш боюнча бир катар аткаминер, депутаттар кармалды. Анын арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов (кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди) да бар.

219
Белгилер:
Аскар Акаев, кылмыш, Кумтөр, сурак, келүү
Тема боюнча
Аскар Акаев Кыргызстанга канча убакытка келгенин айтты
Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум, ага ыраазымын!

Аскар Акаев УКМКдан чыкты. Видео

786
(жаңыланган 20:09 02.08.2021)
2-августта КРдин мурдагы президенти Аскар Акаев Бишкекке учуп келген. Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алып келишкен.

"Кумтөр" долбоорунун иши боюнча Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевге коррупция беренеси менен издөө жарыяланган.

Тагыраагы, ушул жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча изделип жаткандардын арасында Акаевдин дагы бар экенин айткан.

786
Белгилер:
Аскар Акаев, Кыргызстан, УКМК, Кумтөр, сурак
Тема боюнча
Аскар Акаев Кыргызстанга келди: азыр эмне болуп жатат. Тексттик баяндама
Акаев учактан түшүп келе жаткан сүрөт. "Манас" аэропортундагы бүгүнкү ирмем
Москва метросунда полиция кызматкерлери. Архив

Россияда кыргызстандыктар массалык түрдө текшерилип жатабы? Расмий жооп

13
(жаңыланган 13:53 03.08.2021)
Буга чейин Россиянын Москва шаарында 180дей мигрант мушташкан. Бул боюнча жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандыктар болгон.

БИШКЕК, 3-авг. – Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги социалдык тармактардагы "кыргызстандыктарды РФте массалык түрдө текшерип жатышат" деген билдирүүлөр боюнча түшүндүрмө берди.

"Учурда Россиянын компетенттүү органдары "Кузьминки" метросунда болгон окуяга катыштыгы болушу мүмкүн делген чет элдиктерди издөөсүн улантууда. Россиянын укук коргоо органдарынын бул аракеттери өлкө аймагында тартипти орнотуу жана коопсуздукту камсыздоого багытталган", — дешти элчиликтен.

Ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүк 15-июндагы Россия президентинин коронавирус инфекциясынын жайылып кетишин алдын алуу боюнча жарлыгына ылайык, чет элдиктерди же жарандыгы жок адамдарды текшерүү иштери дагы болуп жатканын кошумчалады. Маалыматка караганда, бул текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жаранды өлкөдөн чыгарып салуу жолу каралган эмес.

Буга чейин Россиядагы телеканалдардын бири Москвада 180дей мигранттын мушташын көрсөткөн. Анда 11-июлда Химкиде тажик мигранттары эки кыргызстандыкты бычактаганы айтылган. Мындан улам тирешүү башталып, шаардагы "Кузьминки" метростанциясында массалык мушташ чыккан. Урушта жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандык болгон.

13
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, жаран, текшерүү, элчилик
Тема боюнча
Кыргызстандык абитуриенттер россиялык ЖОЖго түйшүксүз өтө алат
Кыргызстандыктар Москва — Казань жолун салып иштемекчи