(2:00 / 12.48Mb / )

Карга оронгон Бишкек. Борбор калаанын асмандан көрүнүшү

383
Борбор калаада шейшембиге караган түнү калыңдыгы беш сантиметрге жеткен кар түшкөнүн Кыргызгидромет билдирди. Карга оронгон Бишкектин көрүнүшүн видеодон көрсөңүз болот.

Синоптиктердин маалыматы боюнча түнкүсүн 4 миллиметрлик жаан-чачын жаап, үч градуска чейин суук болду. Шейшембиде күн эки градуска чейин жылып, кар жаап жатат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетүүдө.

383
Белгилер:
асмандан көрүнүш, кар, Бишкек
Тема боюнча
Кыргызстандын шаарларындагы кар

Өзбекстандагы футболдук беттеш массалык мушташ менен аяктады. Видео

127
(жаңыланган 09:54 02.12.2020)
Беттеш бүткөндөн кийин жеңилген команданын футболчусу калысты бир тепкен. Бул чыр заматта ырбап, мушташка көрүүчүлөр да кошулуп кеткени айтылды.

Өзбекстандын экинчи дивизионундагы ферганалык "Нефтчи" жана жайсаңдык "Турон" командаларынын футболдук беттеши массалык мушташ менен коштолду. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Беттеште "Турон" 1:0 эсебинде утуп, өлкөнүн жогорку лигасына жолдомо алган. Оюндун соңунда жеңилген "Нефтчи" командасынын бир футболчусу белгисиз себептерден улам калысты көкүрөккө тепкен. Бул чыр заматта ырбап, көрүүчүлөр да оюн талаасына чыгып, мушташ массалык түргө айланган.

Бул окуя боюнча "Нефтчи" командасы да, Өзбекстандын футбол ассоциациясы да азырынча эч кандай билдирүү тарата электиги белгиленет.

127
Белгилер:
мушташ, футбол, Өзбекстан
Тема боюнча
Көтөрүп чапты. Валерий Кичиндин оюн учурунда мушташа кеткен видеосу
Тепкен тобу улам дарбазанын кырына тийип... Айласы кеткен футболчунун видеосу

Эртең мененки жана күндүзгү Бишкектин чочуткан көрүнүшү. Видео

313
(жаңыланган 18:26 01.12.2020)
Бишкекти эртең менен жана күндүз видеого тарттык. Алардын айырмасы кишини чочутпай койбойт. Үч саат ичине борбор калааны коюу ыш басып каларына күбө болдук.

Эртең менен аба салыштырмалуу таза болуп, күндүз кадимкидей булгана баштаганын байкоого болот. Абадагы кир нормадан ашып кеткендиги, ал эми кечинде абал андан да начарлаары алаканга салгандай ачык болуп турат.

Бишкекти ыштан арылтуу үчүн майнаптуу ыкмалар табыла элек болгондуктан, шаардыктар өтө кирдеген аба менен дем алып, жашоосун улантууда.

Мэрия шаардыктарга кайрылып, көчөгө чыгар алдында абаны текшерип алууга, мүмкүн болушунча көчөдө көп жүрбөөнү айткан.

Абанын канчалык деңгээлде булгангандыгын MoveGreen жана AirKaz.org деп аталган экологиялык кыймылдын сайттарынан текшерип алууга болот.

Аба эмнеден булганып жатат?

Анын негизги себептеринин бири шаардын тегерегиндеги конуштарда массалык түрдө от жагуу, автоунаалар бөлүп чыгарган түтүн жана ЖЭБдин түтүнү менен ышы.

313
Белгилер:
аба, экология, кыш, Бишкек
Тема боюнча
Фотофакт: ышка тумчуккан Бишкектин асмандан көрүнүшү
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов. Архив

Бүгүн Талант Мамытов Кыргызстандын атынан ЖККУнун сессиясына катышат

0
(жаңыланган 11:38 02.12.2020)
Сессияда уюмдун мындан аркы ишмердүүлүгү, ЖККУнун уставдык органдарынын сессияларындагы чечимдердин ишке ашырылышы, мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташуусун бекемдөө маселелери талкууланат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы сессиясына катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын президентинин милдетин аткарып жаткан жана ЖКнын спикери Талант Мамытов
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Иш-чара бүгүн, 2-декабрда, өткөрүлмөкчү. Анда уюмдун мындан аркы ишмердүүлүгү, ЖККУнун уставдык органдарынын сессияларындагы чечимдердин ишке ашырылышы, мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташуусун бекемдөө маселелери талкууланат.

Жыйынга Беларустун президенти Александр Лукашенконун, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Россиянын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысы Станислав Застын катышуусу күтүлүүдө.

0
Белгилер:
видеоконференция, жыйын, Талант Мамытов, ЖККУ, Кыргызстан
Тема боюнча
ЖККУнун коргоо министрлеринин отуруму өттү. Талкууланган маселелер