Келечектеги милиция кызматкерлери ант беришти

Жазылуу
Шаршемби күнү Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин академиясында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Анда биринчи курстун курсанттары мекенине берилгендигин айтып ант беришти.

Адатка айлангандай иш-чара ИИМ академиясынын туусун көтөрүү менен башталып 108 курсант ант берди.

Салтанатка конок катары ички иштер органдарынын ардагерлери, курсанттардын ата-энелери, туугандары жана достору катышты.

Иш-чаранын акырында курсанттар аскерий майданда марш басышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0