Кытайдын премьерин кучак толо гүл жана боорсок менен тосуп алышты

Жазылуу
Кыргызстанга расмий иш сапары менен Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ли Кэцянды Эл аралык "Манас"аэропортунда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайдын мамлекеттик банкы "РСК банкка" 10 млн. доллар насыя берет
Жолугушуу аземи эл аралык аэропорттун атайын делегацияга арналган залында өттү.

Өкмөт башчылар өлкөлөр арасындагы кызматташтыкты бекемдөө, соода-экономикалык өнөктөштүк, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелери жана транспорт, өнөр жай, энергетика жаатындагы биргелешкен долбоорлорду талкуулашмакчы.

Кыргызстанга болгон расмий иш сапарында Ли Кэцян 3-ноябрда боло турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар кеңешинин 15-юбилейлик жыйынына катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0