Алмазбек Атамбаев менен Дмитрий Медведев кучакташып көрүштү

Жазылуу
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бейшемби күнү Россиянын премьер-министри Дмитрий Медеведевди кабыл алды.

Медведев Кыргызстанга ШКУ саммитине катышуу үчүн келген. 

"Бизди бир гана кызматтык кызыкчылыктар эмес, достук мамилебиз да бириктирип турат. Россиянын өкмөт башчысын гана эмес, жакын жолдошумду жана мыкты инсанды көрүп турганыма кубанычтамын", — деди Атамбаев. 

Өз кезегинде Медведев ыраазычылык билдирип, Владимир Путиндин салам дубайын жолдоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0