(1:04 / 6.88Mb / )

Атомдун планетардык модели ата мекендик илимдин символу болду

124
(жаңыланган 13:14 08.11.2016)
Бишкектин Чүй проспектисиндеги Илимдер академиясы менен Мамлекетттик юридикалык академиянын имараттарынын ортосуна жаңыланган атомдун планетардык модели орнотулууда.

Бишкектеги Дельфин бассейнинин имараты. Архивдик сүрөт
© Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек
Аталган жерге Союз учурунда илимдин ошол убактагы символунун модели орнотулган. Бирок убакыттын өтүшү менен алынып салынган. 

Эми демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ата мекендик илимдин символу калыбына келтирилип жатат. Азырынча иш толугу менен бүтө элек. Алдын ала маалыматтарга караганда, расмий ачылыш ушул жумага пландалып жатат. 

124
Белгилер:
асмандан көрүнүш, илим, Бишкек мэриясы, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкектин Тыналиев көчөсү үч айга жабылды
Жабыла турган "Дыйкан" базарынын асмандан көрүнүшү

Финполдун тергөөчүсүнө 250 миң сом пара берип жаткан адам кармалды. Видео

65
(жаңыланган 13:35 03.12.2020)
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Ысык-Көл облусунда кызмат адамына 250 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан адамды кармады.

Финполдун маалымат кызматынын билдиришинче, 1-декабрда Т.А. аттуу жаран кылмыш иши боюнча маселени өзүнүн пайдасына чечүүгө аракет кылып, тергөөчүгө ири өлчөмдөгү пара берип жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Жазык кодексинин 328-беренеси ("Пара берүү") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ал эми кармалган адам Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

65
Белгилер:
тергөө, кармоо, пара берүү, финансы полициясы
Тема боюнча
"Кадастрдын" директору Абдумуктар Маматов коррупцияга шектелип кармалды. Сүрөт
Бука сатып берем деген. Ошто элди 1,5 млн. сомго алдап кеткен адам кармалды

Каракчылыкка шектүүнү Бишкекте спецназ кармады. Видео

482
(жаңыланган 23:09 02.12.2020)
Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, ири суммадагы акчаны алып кетишкен.

Бишкекте Криминалдык милициянын кызматкерлери спецназ жоокерлери менен биргеликте мыкаачылык менен кол салууга шектелген жаранды кармашты.

Кармоо учурундагы видеону Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка караганда, 8-октябрь күнү "Жер ынтымагы" конушундагы үйлөрдүн бири каракталган. Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, 5 500 доллар, 150 миң сом жана 60 миң сомдук алтын буюмдарды уурдап кетишкен.

Жазык кодексинин 202-беренесине (“Каракчылык”) ылайык сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жыйынтыгында 32 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

482
Белгилер:
шектүү, каракчылык, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды
Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ. Архив

Синдзо Абэ добуш сатып алуу боюнча шектелип, суракка чакырылды

0
(жаңыланган 13:39 03.12.2020)
Башкаруучу партия болуп эсептелген Либерал-демократтар партиясынын төрагасын шайлоодо (сентябрь айында болгон) добуштарды сатып алуу болушу мүмкүн деген шектенүү жаралып, Абэ күбө катары суралары айтырды.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Токио шаарынын прокуратурасы Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни суракка алганы жатат. Бул тууралуу Kyodo агенттиги жазды.

Башкаруучу партия болуп эсептелген Либерал-демократтар партиясынын төрагасын шайлоодо (сентябрь айында болгон) добуштарды сатып алуу болушу мүмкүн деген шектенүү жаралып, Абэ күбө катары суралары айтылды.

Кеп жыл сайын өтүүчү "Сакурага суктануу" салтанаттуу кечеси тууралуу болуп жатат. Адатта ага чет элдик дипломаттар, искусство, спорт, маданият өкүлдөрү жана журналисттер чакырылат. Бирок бул ирет иш-чарага негизинен Либерал-демократтар партиясынын мүчөлөрү жана идеялаштары гана катышкан. Ошондой эле салтанатты өткөрүүгө сарпталган каражат тууралуу так маалымат берилген эмес.

Эске салсак, август айынын аягында Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ ден соолугуна байланыштуу отставкага кетүү чечимин кабыл алган. Кийин анын ордуна Либерал-демократтар партиясынын төрагасы жана өкмөт башчы болуп Ёсихидэ Суга шайланган. Суганын талапкерлигин 462 депутаттын ичинен 314ү колдоп берген.

0
Белгилер:
коррупция, шайлоо, Прокуратура, сурак, Япония, Синдзо Абэ
Тема боюнча
Финполдун тергөөчүсүнө 250 миң сом пара берип жаткан адам кармалды. Видео
"Кадастрдын" директору Абдумуктар Маматов коррупцияга шектелип кармалды. Сүрөт