Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Бекешев: аялдар менен балдардын көп ичип жатканы зээнди кейитет

Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Спирт ичимдиктерин өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Турсунбек Куренкеев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинде жыйын куруп, спирт ичимдиктерин кечинде сатууга тыюу салуу боюнча демилгеленген мыйзам долбоору тууралуу айтып беришти.

Бекешев акыркы статистикалык маалыматтар боюнча аялдар менен жаш балдар спирт ичимдиктерин көп ичип жатканын айтты.

"Мен статистиканы карап көрдүм, тилекке каршы, аялдар көп иче баштады. Бул абдан жаман нерсе. Ошондой эле өспүрүмдөр да сыраны жай айында көп ичип баштайт экен. Куюп сата турчу жерлерден литрлеп алышат", — деди ал.

Эл өкүлү 100 граммдык желим стаканга куюлуп сатылган аракты сатыктан алуу сунушуна айрым депутаттар каршы чыкканын кошумчалады. 

"Биз өнүккөн мамлекет болобуз десек, ушундай нерселерди токтотуу керек. Башка өнүккөн мамлекеттерге барганда мындай нерселерди көрбөйсүз", — деди депутат.

Ал эми Спирт ичимдиктерин өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Турсунбек Куренкеев айрым депутаттар арак тармагын тескеген мыйзам долбооруна жылына эки-үч жолу толуктоо киргизерин айтат. Ошондой эле мындай демилгелерди айрым эл өкүлү тигил же бул компаниянын кызыкчылыгы үчүн көтөрүп чыгышарын жашырган жок. 

Куренкеев мыйзамга тез-тезден эле өзгөртүү киргизе бербей, тармактык адистер менен биргеликте беш жыл кынтыксыз иштей турган мыйзам иштеп чыгуу керектигин баса белгиледи.

"Депутаттар тармактык адистер менен чогуу беш жыл кынтыксыз иштей турган жакшы мыйзам түзүп, шарт түзүп берсек сонун болмок. Жылына эки-үч толуктоо киргизилип жатса, ишкерлер кантип иштейт?" — деп суроо салат ал.

Куренкеев азыр ири дүкөндөрдө сатылып жаткан спирт ичимдиктеринин 80-90 пайыз четтен келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0