Картондо уктаган Исхактын жаңы өргөдө жаңырган күлкүсү

Жазылуу
Картондо уктап, коомчулуктун көңүлүнө алынган үч жаштагы Искактын үй-бүлөсүнө Кара-Суу шаарынан үч бөлмөлүү батир берилди.

Эскерте кетсек, жай айларында соцтармакта Ош облусундагы болжол менен Кара-Суу базарында картондун үстүндө уктап жаткан баланын сүрөтү талкууга алынган. Кийинчерээк баланын аты Ихсак экени, апасы Зульфия Усенованын төрт баласы бар экени аныкталган. Мындан сырткары, үй-бүлөнүн жашаган жери жана документтери жок болуп чыккан. 

Баланын энеси Зульфия Усенова журналисттер менен президентке ыраазычылыгын билдирди. 

"Биринчиден журналисттерге, экинчиден президентке балдарымдын жана өзүмдүн атымдан чоң рахматымды айтам", — деди Усенова. 

Учурда үй-бүлө жаңы өргөдө күн кечире баштады. Берилген батир Искак менен анын үч бир тууганынын атына жазылган. Алар 18 жашка толгончо мамлекет балдардын укугу менен мүлкүн өз коргоосуна алмай болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0