Кечки Москва Жээнбековду кар менен тосуп алды

Жазылуу
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Москвага 15-ноябрь, шейшемби күнү учуп келди.

Жүрөк формасында картошканы алаканында кармаган фермер - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ менен чет мамлекеттер КР продукциясын эмне үчүн алгысы келбейт?
Жыйынга Армения, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын өкмөт башчылары катышат.

Анда Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексинин долбоору каралат. Мындан сырткары, ЕАЭБ алкагында бирдиктүү дары-дармек рыногун жөнгө салуу жана кызматташтыктын башка актуалдуу маселелери талкуулануусу күтүлүүдө. 

Кыргызстандан барган делегациянын курамында вице-премьер министр Олег Панкратов, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев, Бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов жана башкалар бар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0