Башканы коюп, Манасты ук! Жети күндүк Манас айтууну түз алып көрсөтүү аяктады

Жазылуу
Борбор калаада бүгүнтөн тарта "Башканы коюп, Манасты айт" аттуу жети күндүк Манас айтуу иш-чарасы башталды.

Белгилүү манасчы Улан Исмаилов салтка айланып жыл сайын өтүп келген тынбай Манас айтуу быйыл Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, "Саякбай манасчы" эл аралык фондусу жана "Супара" этнографиялык комплекстин колдоосу менен өтүп жатканын билдирди. 

"Иш-чараны аксакал манасчы Сапарбек Касмамбетов баштап, күн-түн дебей бири-бирибизди улап айтабыз. Буга манасчылардын дээрлик баарынын катышуусу күтүлүп жатат", — деди Исмаилов. 

Жети күндүк Манас айтуу "Супара" этно комплексинде өтүп, 4-декабрда жыйынтыкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0