Жети күндүк "Манас" айтуу иш-чарасы концерт менен жыйынтыкталды

Жазылуу
Бул иш-чарага өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган аткаминерлер катышты.

Бүгүн жети күндөн бери "Супара" этнографиялык комплексинде өтүп жаткан жети күндүк "Манас" айтуу иш-чарасы аяктап, Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда "Манас күнүн" белгилөө менен коштолду.

Улуттук кийим кийген актерлор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башканы коюп Манасты айт. Каармандарды кандай билесиз, тесттен өтүңүзчү…
Бул иш-чарага өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган аткаминерлер катышты.

"Саякбай манасчы" фондусу премьер-министрди атайын төш белги менен сыйлады. Ошондой эле Жээнбеков дагы манасчыларга да куттуктады.

"Манас" эпосунан үзүндү коюлуп, концертти филармониянын "Эл ырчысы Эстебес", "Эл шайырлары" фольклордук топторунун акындары менен "Ак Марал" бийчилер тобу, ырчылар коштоду.

Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан агенттиги жети күн бою күнү-түнү айтылган "Манасты" түз алып көрсөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0