Өмүр менен өлүм: селсаяктар люкка түшкөн адамды кантип сактап калганын айтып беришти

Жазылуу
Атын атагысы келбеген жабырлануучунун буту сынган. Учурда ал шаардагы ооруканалардын биринде дарыланып жатат.

Бишкектин Лев Толстой – Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги Бишкек жылуулук тармактарынын куурлары жайгашкан люктардын бирине түшүп кетип, эки сутка жардам күтүп жаткан 39 жаштагы тургунду селсаяктар сактап калышкан. Бул тууралуу жабырлануучу өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Маалыматка караганда окуя ноябрь айынын ортосунда болгон. 

"15-ноябрь күнү кечинде интернет клубдан чыгып, Логвиненко – Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде келе жаткам. Бир маалда телефонумдун батарейкасы түгөнүп, жарыгы өчүп калды. Бир аз өтпөй эле люкка түшүп кеттим. Көпкө чейин жардам сурап кыйкырдым, эч ким укпады. 15-16-ноябрь күндөрү ошол жакта жаттым. 17си таңга маал бирөөлөрдүн үнү угулду. Кайрадан жардам сурап кайкырсам, селсаяктар келишти. Ошолор тез жардам чакыртып, мени сактап калышты", — деди Бакыт (аты өзгөртүлдү — ред.) аттуу жабырлануучу. 

ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде бир ай мурун жоголгон кемпирдин сөөгү тоодон табылды
Эки сутка жардам сурап жаткан Бакытты биринчилерден болуп Дамир Аккийизов аттуу жаран көрүп калган. 

"17-ноябрь күнү эртең менен кар себелеп, суук боло баштаган. Биз ысык суу чыккан люкка жуунуп алалы деп баратсак, бирөөнүн кыйкырганы угулуп калды. Барсак бир жигит жатыптыр, бир буту шишип кеткен. Өзүбүз жашаган жакка сүйрөп барып, тамак бердик. Курсагы аябай ачыптыр. Андан кийин Тез жардам чакырттык. Бирок алар люктан баланы чыгара албай коюп, ӨКМди чакырышты", — деди Аккийизов.

Жабырлануучуну люктан ӨМКдин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары алып чыккан. 

"Бизге чакыруу 17-ноябрь күнү эртең мененки саат 8.30да түштү. Биздин тайпанын балдары түшүп алып чыгышканда, буту ооруп жатканын айтты. Дароо Тез жамдарга өткөрүп бердик", —деди куткаруу тобунун жетекчиси Бахтияр Акматов. 

Люк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарында кудуктагы ыплас суудан чыккан жытка ууланып үч жумушчу каза болду
Бакыт люкка түшүп кеткенде сол буту тизесинен сынып кеткен. Бул боюнча Бишкек шаардык тез жардам станциясынын башкы дарыгеринин орун басары Болот Абдылдаев айтып берди. 

"Жабырлануучуну ӨКМди куткаруучулары алып чыгып бергенден кийин, биздин дарыгерлер текшерип чыгып, сол бутунун тизеси сынып кеткени белгилүү болгон. Аны Тез жардам кызматы Бишкек шаардык №4 ооруканага жеткиришкен", — дейт Абдылдаев. 

Учурда жабырлануучу Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0