Күйөө баладан ажал тапкан кайындар

Жазылуу
Жалал-Абад облустук ИИБдин маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков Сузак районундагы Беш-Мойнок айылында кемпир-чал менен келиндин кантип өлтүрүлгөндүгүн айтып берди.

Окуя 6-декабрда Беш-Мойнок айылында кечинде болгон.

"Ал үйдө шектүүнүн аялы, кайнатасы жана кайненеси болгон. Өлтүрдү делинип жаткан киши ошол үйдүн күйөө баласы экен. Алгач, эшикке кайненеси чыкканда аны көкүрөк тушка сайган. Андан соң өзүнүн аялын өлтүргөн. Үйдө жаш балдар болгон да. Алар таятасын тургузганда киши абышкага да бычак урган", — деди Турдубеков.

Күйөө бала коңшулаш айылдагы таанышына барып, Өзгөн районун кичи мекени Ана-Кызыл айылына жеткирүүнү суранган.

"Үйүнө жеткен соң, өзүнө бычак сайып, ооруканага жетпей орто жолдо каза тапкан", — деди ал.

Турдубеков каза болгондорго соттук медициналык жана соттук биологиялык экспертиза дайындалгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0