Оңой жана даамдуу: Sputnik менен биргеликте "Жамбы" тамагын жасайбыз

Жазылуу
Кыргыздын улуттук тамактарын канткенде жөнөкөй жол менен даамдуу кылып жасай алабыз? Муну биздин видео-рецептерден көрө аласыз, төмөндө койдун карынына эт жана жашылчаларды салып бышырган "Жамбы" тамагы.

Чучукту кантип жасоо керек – видеорецепт - Sputnik Кыргызстан
Чучукту кантип жасоо керек – видеорецепт
Мындан ары Sputnik менен биргеликте кыргыз ашканасына тиешелүү баардык тамактарды тез жана даамдуу жасаганды үйрөнсөңүз болот. 

"Жамбыны" даярдоого жалпысынан 2,5 — 3 саат кетет. Supara этно-комплексинин башкы ашпозчусу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына айтып бергенине караганда, бул тамакты даамдуу кылып жасоого чоң таланттын, ашпозчулук билимдин деле кереги жок. 

"Жамбыны" даярдоого картошка, болгар калемпири, пияз, сабиз, кой эти, куйрук май, карын, сарымсак, туз жана кара калемпир керек", — дейт ал.

Ошондой эле ашпозчу карынды алдын ала жакшылап тазалап, жууп алуу зарылдыгын кошумчалады. Карындын ичине тууралган этти менен жашылчаларды салгандан кийин ачык жерин жакшылап жип менен бууп коюу зарыл. Анткени карындын ичиндеги фарш даамын сактап калышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0