Замбирек жана кар көчкү. Бишкек – Ош жолундагы кар көчкү атайылап түшүрүлдү

Жазылуу
Жалал-Абад облусунун Бишкек — Ош жолунда кар көчкүнү атайылап түшүрүү иштери аяктады.

10-14-декабрь аралыгында Бишкек — Ош жолунун 223-чакырымында (Жалал-Абад облусу) карды атайылап түшүрүү иштери аткарылганын ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын Калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн башчысы Ыдырыс Торокулов билдирди.

"10-14-декабрь күндөрү Бишкек — Ош жолунда 370 миң куб метрге чейин кар атып түшүрүл. Кар жолго жеткен жок", — деди Торокулов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобунун жетекчилиги менен КР Башкы штабынын артиллериясы карды аткылап түшүргөн.

Учурда Жалал-Абад облусунун аймагында жумуш толук аяктап, артиллериялык бригада Чүй облусунун аймагына жөнөп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0