Оңой жана даамдуу: Sputnik менен биргеликте "Убай сорпосун" жасайбыз

Жазылуу
Кыргыздын улуттук тамактарын канткенде жөнөкөй жол менен даамдуу кылып жасай алабыз? Муну биздин видео-рецептерден көрө аласыз. Топоздун сүрсүгөн эти, калама жана койдун сорпосунан жасалган "Убай сорпону" жасайбыз.

Оңой жана даамдуу: Sputnik менен биргеликте Жамбы тамагын жасайбыз - Sputnik Кыргызстан
Оңой жана даамдуу: Sputnik менен биргеликте "Жамбы" тамагын жасайбыз
Мындан ары Sputnik менен биргеликте кыргыз ашканасына тиешелүү бардык тамактарды тез жана даамдуу жасаганды үйрөнсөңүз болот. 

Сүт кошулган сорпону жасоо абдан оңой жана жеңил. Эгер үйдө койдун даяр сорпосу болсо, бул тамакты жасоо болгону 20-30 мүнөтүңүздү алат. Supara этнокомплексинин башкы ашпозчусу тамактын даамы ага колдонулган азыктардын сапатынан жана көлөмүнө жараша экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди. Башкысы — курутту же сүзмөнү каймак менен туура аралаштыруу керек.

"Кыргыздын сүт кошулуп жасалган сорпосун жасоодо койдун сорпосун, курут, каймак, топоздун сүрсүтүлгөн этин жана даамына жараша туз колдондук. Тамакты ачытылган камырдан жасалган калама менен берсе болот", — деди ал.

Чучукту кантип жасоо керек – видеорецепт - Sputnik Кыргызстан
Чучукту кантип жасоо керек – видеорецепт
Бир кишиге жеткидей тамакты даярдоо үчүн 250 грамм курут же сүзмө керек. Ага сорпо кошобуз. Майдаланган курутка 150 грамм каймак кошуп, жакшы аралаштырабыз. Андан соң ага койдун 350 миллилитр сорпосун куябыз.

Сорпо менен ачытылган камырдан жасалган калама жана топоздун сүрсүтүлгөн этин чогуу беребиз.

Мындай ыкма менен даярдалган сорпо ден соолукка абдан пайдалуу. Анын курамында белоктор абдан көп. Аны диета кармагандар да ичсе болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0