Москвада "Таблиги жамааттын" мүчөлөрүн кармаганда тартылган видео. Кыргызча китептер

Жазылуу
Москванын аймагында Кыргызстандын алты, Россиянын бир жараны "Таблиги Жамаат" тобунун иштери менен кармалганын РФтин күч түзүмдөрүндөгү маалымат булактары кабарлаган.

Кармалган бул уюмдун мүчөлөрү жаңы тарапташтарын таап, тыюу салынган диний адабияттарды окуп, Россияда халифат түзүү пландарын талкуулап келишкен деп билдиришти РФтин күч түзүмдөрүнөн. 

Россияда "Таблиги жамаат" уюмунун ишмердүүлүгүндө 2009-жылы тыюу салынган. Бул боюнча документте аталган уюм өлкөнүн мамлекеттүүлүгүнө жана жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаратат деп айтылган. Андан сырткары эл аралык террордук топтор менен алака-катнашта деген баа берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0