Кол алышып, убадалашкан ажолор. Иран президентинин КРге болгон сапары

Жазылуу
Иран Ислам республикасынын президенти Хасан Роухани Кыргызстанга келди. Аны 22-декабрда "Манас" аэропортунан Алмазбек Атамбаев өзү тосуп алды.

Мамлекет башчылары 23-декабрда эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, анын жыйынтыгында кызматташуу боюнча бир нече келишимге кол коюлду.

Атамбаев журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйында 10 жылга пландалган кызматташуу боюнча программа кабыл алынганын айтты.

"Бүгүн биз Кыргызстан менен Ирандын кызматташтыгы боюнча программа кабыл алдык. Ал алдыдагы 10 жылга пландалган. Бул программа эки мамлекет ортосундагы ар тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарат деп ишенем", — деди Атамбаев.

Мамлекет башчысы ошондой эле мамлекеттер ортосунда экономикалык жактан кызматташууну жогорку деңгээлге чыгаруунун маанилүүлүгүн айтып, ошол эле учурда виза режимин жеңилдетүү керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0