Каракол шаарында биринчи жолу коомдук бассейн ачылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы маалымдады.
Сууда сүзүү боюнча инструктор Асыл Самагановдун айтымында, Караколдо буга чейин мындай бассейн жок болчу.
"Азыр бизге балдар, чоңдор жана үй-бүлөлөр келип жатат. Суу бул — өмүр. Бул жактан ар бир адам, айрыкча окуучу балдар ден-соолугун чыңдоого жакшы мүмкүнчүлүк алат", — деди Самаганов.
Ал Бишкекте же Ысык-Көлдүн курорттук шаарларында мындай заманбап курулган бассейн жок болгондуктан өлкө үчүн маанилүү окуя болуп жатканын баса белгиледи.
Бассейндин жетекчиси Нурлан Исмаиловдун айтымында, ал заманбап технология менен жасалгаланып, коопсуздуктун бардык талаптарына жооп берет.
"Алсак, бир учурда жаңыртып, тазалап жана сууну жылытып турган система орнотулган. Мындан сырткары, дүйнөлүк стандарт боюнча бассейндин туурасы – 12,5 метр, тереңдиги 2 метр 10 сантиметрди түзөт. Ал бир учурда келген 100 кишини кабыл ала алат", — деди Исмаилов.
Ал ошондой эле бассейндин иштей баштаганына 10 күн болсо да күнүнө 200-300 адам келип жатканын, алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында күнүнө эки инструктор иштеп жатканын билдирди."Азыр биз окуучулар үчүн жаңы программа иштеп жатабыз. Ал программада окуучулар дене тарбия сабагынын ордуна бассейнде сүзүп же фитнес менен машыгышат", — деди жетекчи.
Мындан сырткары, мектеп окуучулары үчүн атайын транспорт жана бассейнге катышууга жеңилдиктер уюштурулат.
Роботтун эки колу бар, ал кудум адамдыкына окшош. Текчеден тиешелүү азык-түлүктү өзү эле алып, кууруп, бышырып, ал тургай күйгүзүп жибербей аралаштырып да турат. Отту азайтып же керек болсо көбөйтөт.
Бир нерсе төгүлүп же чачылып кетсе, жыйнап да коёру маалым болду. Идиш-аякты кадимкидей жууйт.Түзүүчүлөр темир ашпозчунун эсине тамак-аш жасоонун беш миң ыкмасын киргизип коюшкан. Авторлор ээси тажап кетпеш үчүн кулинария китебин ай сайын жаңылап турууну пландап жаткандыктарын айтып беришкен.
Роботтун баасы учурда болжол менен 40,8 миң — 74,8 миң доллардын тегерегинде экендигин айтышты.
"Барселона" клубунун капитаны Лионель Месси бильбаолук "Атлетик" командасы менен Испаниянын суперкубогунун финалында орой оюну үчүн беттештен куулду. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды.
Севильяда өткөн чечүүчү беттеште "Атлетик" 3:2 эсеби менен утуп, Испаниянын суперкубогун алды.
Интернеттеги жеткиликтүү маалымат базасы менен алектенген Gracenote компаниясы Месси "Барселона" клубундагы карьерасында өткөргөн 753 беттешинде биринчи ирет кызыл айып кагазын алып, оюндан четтетилгенин Twitter баракчасында белгиледи.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарында полиция кызматкерлери кыргызстандык жана дагы башка үч мамлекеттин аялдарын интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап келген кылмыштуу топту аныктады. Бул тууралуу Haberler жазды.
Басылманын маалыматына караганда, укук коргоочулар алты эркекти колго түшүргөн. Шектүүлөргө төрт ай бою байкоо салынганы белгиленди.
Факты боюнча кылмыш иши козголду. Аялдарды өз өлкөлөрүнө депортациялоо маселеси каралып жатат.