(2:44 / 17.32Mb / )

Жашылча-жемиштерди табакка эмес, өнөргө салабыз. Карвинг адисинин кеңеши

1606
Дасторкондогу тамакты даамдуу гана кылып даярдабастан, көз жоосун алгыдай кооз көрсөтүү ар бир кожойкенин максаты. Жашылча-жемиштер боюнча карвинг искусствосу өтө чоң чеберчиликти талап кылат. Ошентсе да сиздердин дасторконго карвингдин жөнөкөй бир нече түрүн сунуштайбыз.

Карвинг боюнча адис Алмаз Жолдубаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине жашылча-жемиштен корозду, жөжөнү жана ак кууну жасап берди. Аларды жасоого 1 ананас, 2 кызыл алма, түстүү болгар калемпирлери, бышырылган жумуртка жана көздөрдү жасоо үчүн гвоздиканын уруктары керектелди. 

Адистин айтымында, жашылча-жемишти кесүүдө бычактын түрдүү формада болгону жакшы.

"Биз карвинг үчүн атайын бычактарды колдонобуз. Ал эми үй шартында учтуу, мизи курч бычактарды колдонсо болот", — деди ал.

Бул чеберчилик көп деле убакытты талап кылбайт. Корозду 15 мүнөттө, жөжө менен ак кууну 8-10 мүнөттө жасасаңыз болот.

1606
Белгилер:
дасторкон, жашылча-жемиш, Жаңы жыл
Тема боюнча
Майрамда оорубаш үчүн эмне кылуу керек? Адистерден 10 кеңеш
Оңой жана даамдуу: Sputnik менен биргеликте "Убай сорпосун" жасайбыз

Шевченко менен Чукагян көз караштар таймашына бет капчан чыкты. Видео

164
(жаңыланган 20:32 30.05.2020)
31-майга караган түнү Антонина Шевченко менен Кэтлин Чукагян беттешет. Спортчулар бүгүн көз караштар таймашын өткөрүштү.

Кыргызстандык мушкер кыздын беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 6.30 менен 7.30дун ортосунда болот. Алардан кийин кеченин башкы беттеши өтүп, Тайрон Вудли менен Гилберт Бернс кармашат.

Мелдеште бир эле мушкердин эже-сиңди Шевченколор менен удаа беттешип жатканы тарыхта боло элек болчу. UFC уюмунун бул турниринин өзгөчөлүгү да ушунда. Эскерте кетсек, ушул жылдын февраль айында өткөн акыркы таймашында Чукагян Валентина Шевченкого техникалык нокаут менен утулуп калган.

164
Белгилер:
Антонина Шевченко, беттешүү, UFC, бет кап, таймаш
Тема боюнча
Баштадым! Валентина Шевченконун маңдайы жарыла сүйүнгөн сүрөтү
Мени "тыңчы" атагандардын оюн билем. Лас-Вегастагы Валентина Шевченко менен маек

Пандемияны өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп... Лавров Батышты сынга алды

153
РФ ТИМинин башчысы батыш мамлекеттеринин коронавирус пандемиясын өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланган аракетине нааразы болду.

Сергей Лавров Кытайдын Global Times гезитине макала жазып, Батыш өзүнө жакпаган өкмөттөрдү жазалоо үчүн түзүлгөн кырдаалды пайдаланууга жандалбастап жатканын айкан. Буга мисал катары аларга Россиядан гумжардам алууга салган тыюусун келтирди.

Министр өз сөзүндө Батыштын адам укугун коргоодо кош стандарттуулукка жол берип жатканын да белгилеген. Кенинирээк биздин видеодон көрүүгө болот.

153
Белгилер:
коронавирус, пандемия, Батыш, Россия, ТИМ, Сергей Лавров
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Батыш Россияны статистиканы бурмалап жатат деп айып тагууда. Видео
Мышык менен ойноп жаткан бөбөк. Архив

Бөбөгүн жоготкон бала милицияга айтып, алар эки жашар баланы эки саатта тапты

0
(жаңыланган 12:55 31.05.2020)
29-май күнү милиционерлер Ак-Өргө конушун аралап нөөмөттө жүргөндө, инисин жоготуп алган бала кайрылган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Патрулдук милиция башкармалыгынын инспекторлору Бишкектин Ак-Өргө кичи районунда жоголуп кеткен эки жашар баланы ата-энесине таап берди. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматынан билдиришти.

29-май күнү милиционерлер Ак-Өргө конушун аралап нөөмөттө жүргөндө, инисин жоготуп алган бала (жашы айтылган эмес) кайрылган. Ал саат 13.30дар чамасында эшиктин алдында ойноп турган инисин таппай калганын айткан.

"Эки сааттан кийин бөбөк ошол эле конуштагы Гагарин менен Ашар көчөлөрүнүн кесилишинен табылып, ата-энесинин колуна тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Милициядан билдиришкендей, небересинин табылганына сүйүнгөн чоң эне инспекторлорго ыраазычылыгын айткан.

0
Белгилер:
издөө, бала, милиция, "Ак-Өргө" кичи району, Бишкек
Тема боюнча
Чүйдөн жоголгон өспүрүм кыздар Баткенден табылды