"КТРК журналистинин атын жамынып элди алдады" деп шектелген жаран кечирим сурады

Жазылуу
Өзүн Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) журналисти катары тааныштырып, мектеп директорлору менен Билим берүү башкармалыгынын жетекчилеринен акча алууга шектелген жаран кармалды.

Араван райондук ИИБнын башчысынын орун басары Нурлан Жанбаевдин айтымында, Ош шаарынын Жапалак айылынын 32 жаштагы тургуну аталган райондун директорунан жана Араван райондук Билим берүү башкармалыгынын жетекчилигинен 1500 сомдон чогулткан. 

Открытие уголовного дела в КР - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы мекендештерге жасалма билет саткан аялга кылмыш иши козголду
"Бул жаран өзүн КТРКнын журналистимин деп тааныштырган. Ал алданган жарандарды жаңы жылдык "көгүлтүр от" берүүсүнө чакырып, ал жактан "жылдын мыктысы" наамы берилерин айткан. Мындан тышкары Кара-Суу райондук Билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги менен орто мектептерден дагы ушундай убада берип каражат топтоого шектелүүдө", — деди Жанбаев. 

Анын айтымында, аталган жаранга буга чейин Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, эки жылга шарттуу түрдө кесилгени маалым болду.

Ал эми КТРКнын башкы директорунун орун басары Калыбек Асылбашев кармалган адамдын корпорацияга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. 

"Биздин каналдын атын жамынып, элден акча жыйнаганы биз үчүн абдан жагымсыз болду. КТРКда андай журналисттер жок, болушу да мүмкүн эмес", — деди ал.

Асылбашев өлкөнүн түштүк аймагында кабарчылардын пункту гана бар экенин, алардын жаңы жылдык программа тартып, конок чакырууга укугу жок экенин белгиледи. Жетекчинин орун басары КТРКнын атын саткан жаранга укук коргоо органдары тиешелүү баасын берет деген пикирин айтты.

Шектүү өзү 100 миң сомдой карызынан кутулуп, үй-бүлөсүн багуу үчүн ушундай кадамга барганын билдирди. 

"Мугалимдерден кечирим сурайм. Кылган ишиме өкүнүп турам. Ата-энемди, бир туугандарымды уят кылдым. Алган акчамды кайтарып берем. Карыздарым көбөйүп кеткендиктен ушундай кадамга баргам", — деди ал. 

Учурда бул жаранга түшкөн арыздардын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0