(1:29 / 10.80Mb / )

Артында 7 жашар уулу гана аман калган үй-бүлө жерге берилди

2324
(жаңыланган 11:25 18.01.2017)
Январдын он алтысында болгон авиакаргашанын курмандыктарынын алгачкылары жерге берилди. Акыркы маалыматтар боюнча бул трагедиядан 38 адам каза тапты.

"Достук" кичи районундагы үйдөн төрт кишинин, 26 жаштагы жубайлар Уларбек менен Акмарал жана алардын эки чүрпөсү — Сабина менен Айперинин сөөгү чыкты. Ал эми алааматтуу кырсыктан алардын жети жаштагы уулу Жакшылык гана аман калган. 

Крушение грузового самолета Boeing-747 в Дача-Суу
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Бул үй-бүлөнүн үйүн каргашалуу учак тыптыйпыл кылып жер үстүнөн сүрүп кеткендиктен, сөөк Уларбектин атасынын үйүнөн акыркы жайга узатылды.

Ата-эне менен чогулган туугандарга төрт сөөктү акыркы жайга узатуу тажыясын өткөрүү оңойго турган жок…

Көз жашын төгүп, жүрөгү сыздап, мүңкүрөп турган чоң ата менен чоң энени эми Уларбектен калган туяк жети жашар Жакшылыктын аманчылыгы гана чыйралта тургандай. 

Sputnik Кыргызстан каргашадан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Кыйраган учактан Кыргызстан кандай сабак алышы керектиги тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

2324
Белгилер:
авиакырсык, сөөк коюу, учак, бала, өлүм
Тема:
Дача айылындагы авиакырсыктын кесепеттери (223)
Тема боюнча
Авиакырсыктан мерт кеткендерди табалаган Медакадемиянын кызматкери иштен алынды
Жаткан жериңер жайлуу болсун… Авиакырсыктан каза болгондордун сүрөтү
Кулаган учактын жерге сүрүлгөн изи — асмандан көрүнүшү

Юпитер планетасынын үстүнөн көрүнүшү. NASA тарткан видео

305
NASA агенттигинин планета аралык "Юнона" станциясы Юпитерге 2016-жылдан бери байкоо жүргүзүп келет. Күн системасындагы эң чоң планетага жетүү үчүн космос кемеси беш жыл убакыт короткон.

Видео атайын аппараттын жардамы менен тартылган 41 сүрөттөн куралган. Анда көрүүчү Юпитер асмандан кандай көрүнөрүн байкай алат.

"Юнона" миссиясынын максаты Юпитерди дагы да терең изилдөө болуп саналат. Бул планеталар аралык станция 1995-2003-жылдары ири планетаны айланган экинчи космос кемеси болуп калды. Алгач ирет "Галилео" станциясы тегерете байкоо салган.

305
Белгилер:
Юпитер, видео, планета, NASA
Тема боюнча
Кайнап жаткан кадимки Күн планетасынын үстүнөн көрүнүшү. Видео, сүрөт

Бөрү карыса да бир койлук алы бар! Тайсон менен Жонстун беттешинин толук видеосу

476
Бүгүн бокс дүйнөсүндө чоң майрам болду. Спорттун дөө-шаалары Майк Тайсон менен Рой Жонс рингде көптөн күттүргөн кармашты тартуулады.

Атактуу спортчулардын беттешинин толук видеосу YouTube-каналга жарыяланды.

Кармашуу АКШнын Калифорния шаарында өттү. Ал сегиз раундга ылайыкташып, ар бир бөлүк эки мүнөткө белгиленген.

Беттеш мөөнөтүнөн мурда аяктабай, спортчулар аягына чейин кармашышты. Натыйжада калыстар алар тең чыкты деген тыянакка келишкен.

Кармаш күйөрмандар болжолдогондой эле болду. Тайсон дистанцияны жакындатып, Жонско ыңгайсыздык жаратканга аракет кылды. Атаандашы өз кезегинде күүлүү-күчтүү экенин тастыктап турду. Нокаут болгон жок.

Эки боксчу тең жыйынтыкка макул болбой, жеңгенин бир ооздон айтып, рингдеги артыкчылыктарын санашты.

Тайсон да, Жонс да рингге карьерасын жыйынтыктагандан кийин кайтып жатканын белгилей кетели. Майк Тайсон 2005-жылдан бери, ал эми Рой Жонс 2018-жылдан бери беттешке чыга элек болчу.

476
Белгилер:
видео, беттешүү, бокс, Рой Жонс, Майк Тайсон, АКШ
Тема боюнча
Майк Тайсон менен Рой Жонстун кыл чайнашы. Тексттик трансляция
Тайсон Жонсту тез утпаса иш чатак болот. КР боксчуларынын беттешке божомолу
Студент сабак учурунда. Архив

Сурабалдиева ЖОЖ, мектеп, бала бакчалардын качан иштей турганын айтты

363
(жаңыланган 23:21 29.11.2020)
Өкмөттүн мүчөсү өлкөдөгү бала бакчалардын иши боюнча бир катар маселелери бар экенин белгилеп өткөн.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар жаңы жылдан кийин иштейт баштайт. Ал эми бала бакчалар боюнча айрым татаалдыктар бар. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

​Суроо бергендерге жооп берип жатып өкмөт мүчөсү мектептерди ата-энелердин суранычынын негизинде ачуу маселеси турганын белгиледи.

​Сурабалдиеванын айтымында, азыр оору жайылып кетсе, илдетке кабылгандардын агымын тейлөөгө ооруканалар, тийиштүү кызматтар жетише алабы деген гана көйгөй турат.

"Ансыз деле ата-энелер улам бир мугалимге акы төлөп барып жатышат. Демек азыркыдай махинациянын зарылдыгы жок", — деп жазган чиновник.

Белгилей кетсек, республиканын айрым жерлеринде мектептер, бала бакчалар иштеп жатат. Эпидемиологиялык абал курч деген аймактарда гана окуу онлайн жүрүүдө.

363
Белгилер:
өкмөт, Эльвира Сурабалдиева, бала бакча, ЖОЖ, мектеп
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкектин кинотеатрлары качан ачылары айтылды
Бишкекте бир шарт менен компьютердик клубдардын ишин жандантуу каралууда