Бишкектик борборунда жулкулдашкан кайгуул милициясы менен айдоочу. Топтошкон эл

Жазылуу
Унаасы бузулуп калган айдоочу көчөнү тосуп калганда инспекторлор аны алып кетүүгө аракет кылып, бир топ жулкулдашты.

№169 маршрутканын Урамат аттуу айдоочусу катышкан окуя Бишкек шаарында, Абдрахманов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болду.

Ал окуянын кандай болгонун төмөнкүчө айтып берди

"Автоунаам бузулуп калды, токтоп, түздөдүм. Анан ГАИ (кайгуул милициясы) келип документимди сураганынан берсем, алып тигил жакка кетип калды. Машинаны токтотуп коюп келсем, документти алган эмес, башкасы толтуруп жатыптыр. Неге минтип жатасынар, бул кандай дедим. Толтурган киши кандай болгонун билбейм да. Чындык деген жок", — деди энтиккен айдоочу. 

Кайгуул милициясы эреже бузган айдоочу унаасын кесилишке туурасынан коюп салып, андан улам эки жактан өтүүчү унааларга тоскоолдук жаралып, тыгын пайда болду деп билдирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0