Атамбаев: элин саткан маӊкурттар, балдарыӊардын убалына каласыӊар!

Жазылуу
Алмазбек Атамбаев КР Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Президент өз сөзүндө тыштан каражат алып өлкө кызыкчылыгына каршы иштеген айрым тараптарды маӊкуртка теңеди.

Белгилей кетсек, 2016-жылы 11-декабрда референдум өтүп, эл Баш мыйзамга бир топ өзгөрүүлөрдү киргизүүнү колдоп берген. Бүгүн Алмазбек Атамбаев КР Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

"Кыргызстан демократия жолунда дагы бир орчундуу кадам жасады. Мен муну мамлекеттүүлүк менен эгемендикти, демократия менен эркиндикти бекемдөө жолундагы ишенимдүү жеңиш деп баалайм! Бул тарыхый иште ар бир кыргызстандыктын салымы бар", — деди президент.

Ал өз сөзүндө кыргыз эли – эң байыркы элдин бири экенин, Улуу Кыргыз каганаты түзүлгөн кезде азыркы далай элдин, улуттардын жыты да жок болгонун билдирди.

Андан сырткары, ал Кыргызстан чет элдик уюмдар менен мамлекеттерди сыйларын айтты.

"Биз эл аралык уюмдарды, башка мамлекеттерди сыйлайбыз. Бирок бизди тыштан башкарабыз же баш ийдиребиз деген ойлорду алар унутушу керек. Биз эч качан, эч кимдин алдында тизелебейбиз! Тизелеп жашаганча кыргыздарга тик туруп өлгөн артык!", — деди ал.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Президент: кыргыздар еврейлердей эрктүү жана ынтымактуу болушу керек
Ошондой эле ар кайсы шылтоо менен элдин биримдигине бүлүк салам деген сасык саясатчылардын жоруктарынан урпактары уялып, башын көтөрө албай, тарыхта Абыке, Көбөштөй, Көзкамандай жаманатка каларын эскертти.

Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койгон соң Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго, өлкө премьер-министри Сооронбай Жээнбековго, КР Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаевага жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыровго Конституциянын текстинин түп нускасынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Атамбаев Конституциянын түп нускасы президенттик аппаратта сакталарын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0