Сокулукта поезд жүк ташуучу унааны жара сүздү. Жеринен алынган кадрлар

Жазылуу
Күбөнүн айтымында, поезд келип сүзгөндө жүк ташуучу унаанын кабинасы жолдун берки тарабына бөлүнүп түшкөн. Бир киши жабыркаган.

Жүк ташуучу поезд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын поезди Казакстанда кырсыкка кабылды
Чүй облусунун Сокулук районундагы Маловодное айылында 31-январда саат 15:35тер чамасында поезд жүк ташуучу унааны ортосунан бөлө сүзгөнү тууралуу маалыматты күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу жиберди.

Анын айтымында, поезд келип сүзгөндө жүк ташуучу унаанын кабинкасы жулунуп, жолдун аркы тарабына бөлүнүп түшкөн. Кырсыктын кесепетинен бир киши оор жаракат алган. Ошондой эле темир жолго жакын жерде шлагбаум болгон эместигин кошумчалады.

Кырсык болгонун ички иштер органдары тастыктады. Ал эми "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы окуянын чоо-жайы такталып жатканын белгиледи.

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болсоңуз Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу жиберсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0