Кызын жетелеп бараткан аялды уруп кеткен машина камерага түшүп калган

Жазылуу
Кармалган жаран сурак учурунда машина анын байкесиники экенин айтып, машинанын ачкычын берип жатканда окуя тууралуу айтпаганын билдирди.

Кызын жетелеп бараткан аялды коюп кеткен 17 жаштагы шектүү жаран жолдун каршы тарабына келе жаткан машиналардын жарыгынан улам жөө адамдарды көрбөй калганын айтты.

31-январда саат 19.30да айдоочу Коммунаров жана Жеңиш көчөлөрүнүн кесилишинен эки кишини коюп кетип, окуя болгон жерден изин жашырган. Ал Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы тарабынан кармалган.

"Мен бурулуп жатканда каршы тарапта келе жаткан машинанын жарыгы көзүмө чагылыша түштү. Мен жөө адамдарды көрбөй калдым. Аларды коюп кеткенден кийин коркуп кетип окуя болгон жерден кетип калдым", — деди шектелген жаран.

Кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин түндүгүндө эркек адамды кичи автобус коюп кетти. Айдоочу изделүүдө
Машина байкесине таандык экенин айтып, автоунаанын ачкычын ага айтпай эле алып алганын кошумчалады.

"Үйгө келгенде ага эч нерсе айтпастан ачкычты бергем. Эртең менен милиция келди", — деди ал.

Жабыр тарткандар Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаткырылган. Аялдын эки буту тең сынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0