Жашыруун камера: сейрек үн чыгарган илбирстин видеосу

Жазылуу
Видеодон илбирстин үн чыгарып жатканын көрүүгө болот.

Россиядагы "Снежний барс" фондунун президенти, биология илимдеринин кандидаты Дмитрий Медведев Sputnik Кыргызстан агенттигине илбирс кантип видеого түшүп калгандыгын айтып берди.

Анын айтымында, илбирс өтө жашырын жүрүп, дээрлик добуш чыгарбайт.

"Видеодон илбирстин үн чыгарганын угууга болот. Тасма 2014-жылы Тункин тоо кыркаларындагы (Бурятия) жашыруун камерага тартылып алынган. Бул жаныбардын бооз учурундагы видеосу", — деди Медведев.

Ал аталган видео "Фотокапкан — 2016" сынагында жеңүүчү аталгандыгын кошумчалады.

Кыргызстандагы "Барс" бирикмесинин маалымат катчысы Зарина Эсенбаева илбирстер сейрек үн чыгарарын айтып, алардын архивинде мындай видео жок экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0