Бишкектеги расмий сапар учурундагы автотыгындын алаканга салгандай көрүнүшү

Жазылуу
Бишкектиктер шаар ичинде ары-бери каттаганда бир катар ыңгайсыздыктарга чыдашы керек. Бул борбор калаадагы негизи жолдун жабылышына карата болууда.

Снимок с instagram пользователя novitskiy_iss. Вид на ночной Бишкек из космоса - Sputnik Кыргызстан
Түнкү Бишкектин космостон ажайып көрүнүшү
Борбордо 28-февралда негизги жолдор жабылгандыктан, автокыймыл бир топ кыйындады.

Буга чейин Бишкек мэриясы рулдагы бишкектиктерден жолдордун жабылышы боюнча жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирип сурап, ары-бери каттоо үчүн башка жолдорду тандоону сунуштаган.

Россиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке жасаган расмий иш сапары учурунда бир нече жолдор убактылуу жабылууда.

Убактылуу чектөө коюлган көчөлөр:

  • "Манас" аба майданынан тарта Жибек Жолу проспектисине чейин;
  • Жибек Жолу проспектиси (чыгышка карай Фучиктен Жаш Гвардия бульварына чейин);
  • Жаш Гвардия бульвары (Жибек Жолу проспектисинен Чүйгө чейин);
  • Чүй проспектиси (Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин, андан ары Фрунзеге чейин);
  • Манас проспектиси (өйдө карай мамлекеттик резиденцияга чейин)
  • Абдрахманов көчөсү — Чүй проспектисинен Hyatt мейманканасына чейин

Муниципалитеттин алдын ала маалыматтарына караганда жолдор убактылуу кечки сегизге чейин жабылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0