Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Студенттер XIX кылымдагы кыргыз кыздарынын кийимдерин тигишет

Жазылуу
Бишкекте "Кыздын кийими" аттуу студенттер арасындагы сынак "Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун алкагында өтөт. Ага республика боюнча жети окуу жайдан 43 студент катышканы жатат.

"Миң кыял" коомдук фондунун координатору Дөөлөт Рысбаевдин айтымында, "Кыздын кийими" сынагы Кыргызстанда биринчи ирет уюштурулуп жатат.

"Анын катышуучулары 7 жаштан 13 жашка чейинки кыздардын кийимдерин тигишет. Сынактын шарты боюнча колдонулган кездемелерде синтетика аралашпашы керек. Ошондой эле кийим тигүү техникасы XIX кылымдын аягы XX кылымдын башындагы ыкмаларга дал келүүсү зарыл", — деди Рысбаев.

Ал эми "Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун жетекчиси Айдай Асангулова сынактын негизги максаты кыргыз улуттук кийимдерин жайылтуу экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0