Абактардагы ай чырайлуу кыз-келиндер аныкталды

Жазылуу
Бишкектин жака-белиндеги №2 аялдар колониясында 8-март майрамын утурлай сулуулук сынагы өтүп, кыз-келиндер эптүүлүгү боюнча да ат салышты.

Конкурс красоты и талантов в женской колонии №2 под Бишкеком - Sputnik Кыргызстан
Абактагы сулуулардын жарышы. Кагаз көйнөк кыз-келиндердин көркүн ачканда
Түзөтүү колонияларында мындай иш-чаралар жыл сайын өтүп турат. Жетекчилик бардык катышуучуларга ыраазачылык билдирип, айрымдарына 300, 150 сомдун тегерегиндеги акчалай сыйлык берсе, кээсине кошумча жолугушууга уруксат берди.

№2 колониянын ар бир бөлүгү саламдашуу, интермедия жана бир номер даярдоосу каралган. Соңунда айымдардын өздөрүнүн колунан чыккан көйнөктөр сунушталды.

Натыйжада №4 отряддын айымдары жеңишке жетти.

Эркинен ажыратылган айымдын айтымында, розадан жасалган көйнөктү даярдоого бир нече күн жумшалган.

"Биздин команда бир нече жылдан бери алдыңкы орунду эч кимге бербей келет. Отрядыбызда 62 аял бар, баарыбыз даярдандык. Бул көйнөктү даярдоо үчүн эки миңге чукул кагаз майлык пайдаланылды", — деди ал.

Кыздарга эт туурагыч, шам чырак жана косметикалык каражаттар белекке берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0