Медицина жана ойлоп табуучулук. Сабыр Жумабековдун операциясы

Жазылуу
Кыргызстанда жыл сайын ар кыл тармактарга тиешелүү болгон 100дөн ашык ойлоп табуучулукка патент берилет. Алсак, өткөн жылы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызмат өлкө аймагында ойлоп табылган 118 саамалыкты каттаган. Sputnik Кыргызстан кыялдарын ишке ашырган инсандардын эмгектери жөнүндө баянын баштайт.

Академик Сабыр Жумабеков студент кезинде эле ойлоп табуу менен алектене баштаган. Анын аталган жааттагы эң алгачкы эмгеги 24 жашында жасалыптыр. Дарыгер 26 жашында илимдин кандидаттыгын, 30 жашында докторлугун жактаган. Жумабековдун 86 патенти болсо, анын 90 пайызы Кыргызстанда жана чет өлкөдө кеңири пайдаланууда. Патенттеринин негизинде Германия жана Түркияда медициналык түзүлүштөр чыгарылып жана пайдаланылууда.

Улуттук госпиталдын кулак-мурун оорулары бөлүмүнүн дарыгери Жолчубек Жумабеков - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер Жумабеков: ангина жүрөк сыздатса, кулак-мурун оорусу мээге чабат
Академик жана профессор Жумабековдун ойлоп табуулары чет өлкөлөрдө да татыктуу ордун тапкан. Жакынкы эле ийгиликтерине токтолсок Кувейтте жыл башында өткөн IX эл аралык ойлоп табуучулардын сынагында беш эмгеги беш күмүш медалга татыган. Ошондой эле адамдын боюн 31 сантиметрге чейин өстүргөн ыкмасы Гиннес китебине киргизилүү алдында турат.

Жумабековдун ойлоп тапкан каражаттарынын аркасы менен илимдин 30 кандидаты жана алты доктор даярдалган. Андан сырткары, чет өлкөлөрдө 800 илимий эмгеги жарыяланып, 10 миңдеген адамга операция жасоого мүмкүн болгон. Хирург жана ортопед учурда да шакирттери менен жаңы ойлоп табуулар жаатында изденип жаткан чагы.

Жаңылыктар түрмөгү
0