Спортчуну бир нече саатта жарым килого жакын арыктаткан сауна. Шипиловдун табылгалары

Жазылуу
Кыргызстанда жыл сайын ар кыл тармактарга тиешелүү болгон 100дөн ашык табылгаларга патент берилет. Өткөн жылы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы 118 ойлоп табууну каттаган.

Саамалыктардын арасында бир эле эмес, ондогон ойлоп табуулардын авторлору да бар. Sputnik Кыргызстан кыялдарын ишке ашырган инсандардын эмгектери жөнүндө баяндоосун улантат.

Жалал-Абадда 6-класстын окуучусу чөп оруучу трактордун жаңы моделин ойлоп тыпты - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда 6-класстын окуучусу чөп оруучу трактордун жаңы моделин ойлоп тапты
Владимир Шипилов 50 ойлоп табуусу үчүн патент алган. Аларга Кыргызстанда сырткары Казакстан менен Россияда берилген патенттерди кошууга болот. Учурда автордун 30 жаңычылдыгы түрдүү тармактарда пайдаланылып келет. Мунун ичинен басымдуу бөлүгү электр жабдууларга байланыштуу. Алсак, алардын арасында мөмө-жемиш, тактай кургатуучу орнотмолор, фарфордук жылыткычтар, атайын спортчулар үчүн ылайыкташкан сауналар бар. Автордун ал эмгектери КМШ өлкөлөрүндө гана эмес, Европада да пайдаланылууда.

Автордун айтымында, анын өзгөчө эмгектеринин бири — салмак таштаткан сауналар.

"Астана шаарында спортчулар үчүн он сауна салып бердик. Анын өзгөчөлүгү — спортчулар ага түшкөндө 600 грамм салмак таштай алат. Андан сырткары ден соолукка пайдалуулук жагы да бар",  — деди Шипилов.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу патенттерин өндүрүшкө киргизүү үчүн Бишкекте ишкана ачкан. Учурда ал жакта азыр 70дей жумушчу иштейт. Учурда 65 жаштагы автор жыл сайын 3-4 ойлоп табуусун колдонууга берип, кошумча жаңы патенттерди иштеп чыгуу менен жаштарды тарбиялоо менен алек.

Жаңылыктар түрмөгү
0