Баткендеги көркөм сүрөт академиясынын бүтүрүүчүлөрү чет өлкөлөрдө да эмгектенип келет

Жазылуу
Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт академиясынын Баткен облусундагы мектеп интернатынын түзүлгөнүнө 10 жылдан ашык убакыт болду.

Спортчуну бир нече саатта жарым килого жакын арыктаткан сауна. Шипиловдун табылгалары - Sputnik Кыргызстан
Спортчуну бир нече саатта жарым килого жакын арыктаткан сауна. Шипиловдун табылгалары
Мектеп интернаттын директору Ибрагим Калбердиевдин айтымында, 10 жыл ичинде мектепти 150гө жакын бүтүрүүчү аяктаган.

"Бүгүнкү күндө биздин бүтүрүүчүлөр чет мамлекеттерде да өз кесиптерин аркалап, эл аралык көргөзмөлөргө катышууда. Ал эми алгачкы бүтүрүүчүлөрүбүздүн эмгектери Баткен шаарынын көркүн ачып турат", — деди Калбердиев.

Ал эми скульптура боюнча сабак берген Мирбек Абдулла уулу тубаса өнөрү бар балдар алыскы айылдарда арбын кездешерин белгиледи.

"Бизде атайын тандалып алынган балдар билим алат. Окуучулар фантазиясына жараша эскиздерди даярдайт. Каталары болсо оңдоп, скульптура жасаганга уруксат беребиз", — деди мугалим.

Аталган мектепте живопись, графика, жана скульптура багытында сабактар өтүлүп келет. Учурда аталган жайда 50гө жакын окуучу билим алууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0