Сулуулук сынагы. 17 жаштагы студент Бишкектин чүрөгү болду

Жазылуу
Бишкектин сулуусу башкы титулуна 29 кыз катышып, алардын ичинен калаа сулуусу титулун 17 жаштагы Айзирек Мыктыбекова жеңип алды.

Бейшемби күнү борбор калаада 2016-жылдын эң сулуу айымын тандаган "Бишкек сулуусу —2016" аттуу сынак уюштурулду.

Иш-чаранын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекованын айтымында, айрым бир себептерге байланыштуу сулуулук сынагы быйылкы жылга жылдырылып калган.

"Дүйнө сулуусу деле айрым учурда жылдырылып калат. Сынакта алгач 60 кыз катышкан, бирок финалдан 29 катышуучу гана тандалып алынды. Кыздар биздин сунушубузду колдоп, финалды 2017-жылы өткөрүүгө макул болушту", — деди Намазбекова.

Уюштуруучулардын айтымында, сынакка катышуу үчүн кыздар үч миң сомдон төлөп окушкан.

"Бишкек сулуусу —2016" сынагынын жеңүүчүсү 17 жаштагы Айзирек Мыктыбекова аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0