Башкы стадион футболго даярбы? Оюн талаасынын асмандан көрүнүшү

Жазылуу
Эртең, 28-мартта, Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан — Макао ортосунда футболдук мелдеш өткөрүлөт.

Участники КВН команды Азия MIX Эрмек Кененсаров и Аким Карасаев в промо-ролике к матчу Кыргызстан — Макао. Фото с сайта Youtube - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" командасынын жигиттери футбол тууралуу роликке тартылышты
Аталган стадион айрым такыр жерлерди эске албаганда оюнга даяр. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жаз кечеңдегенине байланыштуу оюн талаасындагы чөптөр толук өспөй калган.

23 миң көрүүчүгө ылайыкташылып салынган стадиондо учурда 18 миңге чукул отургуч бар.

Кыргызстандын курама командасынын макаолук атаандаштары жекшемби күнү эртең менен Бишкекке учуп келип, биринчи машыгуусун башташкан. Ал эми оюнду Сириядан келген калыс Масуд Туфаели тейлейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0