Кызыл, сары, кара манты. Калаада кооз мантылардын фестивалы өттү

Жазылуу
Калаада өткөрүлгөн кооз мантылардын фестивалынан түшкөн каражат 8 жашар Байэлдин жүрөгүнө операция жасатууга жумшалат. Мантынын бир порциясы 99 сомду түзүп, фестиваль бүгүн түнкү саат 12:00гө чейин уланат.

Борбор калаада кооз мантылардын фестивалы өтүп, өзгөчө тамактан ооз тием деген кардарлардын саны көп болду. Фестивалдын уюштуруучусу Асель Акчыбаеванын айтымында, манты фестивалы өлкөдө алгачкы жолу уюштурулуп жатат.

"Кооз мантылардын камырларына сабиз, кызылча өңдүү жашылчалардын ширеси кошулду. Ичиндеги фаршы уй этинен эле жасалган. Түнү менен 11 түр мантынын ар биринен 150 порция жасап койгонбуз. Эртең менен ошонун баарын бир киши сатып алып кетиптир. Мындан улам бүгүн көп кардарга жетишпей уят болдук ", — деди уюштуруучу.

Акчыбаева ошондой эле мантынын бардык түрүнүн бир порциясы 99 сомду түзүп, андан түшкөн каражат 8 жашар Байэл аттуу баланын жүрөгүнө операция жасатууга жумшаларын кошумчалады.

Иш-чара бүгүн түнкү саат 12:00гө чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0