(0:57 / 6.11Mb / )

"Махмуд ал-Кашгари" мечити бүттү. Көз жоосун алган курулуштун асмандан көрүнүшү

7083
Жаңы мечиттин ачылышына Россиянын Муфтийлер Кеңешинин төрагасы шейх Равил Гайнутдинов катышат.

1-апрелде борбор калаада "Махмуд ал-Кашгари" атындагы мечиттин расмий ачылышы болот. Бул тууралуу муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев Sputnik агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мечиттин ачылышына президенттин аппаратынан, өкмөт өкүлдөрү, депутаттар жана Россиянын Муфтийлер Кеңешинин төрагасы шейх Равил Гайнутдинов катышат.

"Аталган мечиттин курулуп баштаганына 23 жыл болуптур. Андан кийин токтоп калып, 2015-жылы кайра башталган. Ачылыш аземи бүткөндөн кийин 14:00дө Равил шейх Гайнутдинов жаңы мечиттин жыйындар залында маалымат жыйын өткөрөт", — деди Атабаев.

"Махмуд ал-Кашгари" мечити "Ильшат" коомдук фонду тарабынан каржыланып салынган.

7083
Белгилер:
асмандан көрүнүш, курулуш, мечит, Бишкек
Тема боюнча
Оштогу көп кабаттуу үйдүн чатырына боз үй "тигилди". Асмандан көрүнүшү
Башкы стадион футболго даярбы? Оюн талаасынын асмандан көрүнүшү

Крымдан улам НАТО Россия армиясына тыюу салууга кыялданып келет

124
Йенс Столтенберг НАТО Россиянын кадамдарына карап, ага жооп иретинде Кара деңизге көбүрөөк күчүн жайгаштыра тургандыгын айтты. Бирок Түндүк атлантикалык альянстын башкы катчысы аскердик блоктун күчтөрү Россиянын чек арасында эмне кылып жүргөндүгүн түшүндүргөн жок.

Андан сырткары, Россия эмне үчүн өзүнүн аймагын НАТО тараптан улам арбыган коркутуп-үркүтүүлөрдөн коргобошу керек дегенге да жооп бере алган жок.

Акыркы учурда альянс тараптан Россия чек арасына жакын аймактарда көбөйүп кеткен агрессиялык аракеттер арбыгандыктан, Россия өзүнүн коопсуздугун камсыздаганга аргасыз.

124
Белгилер:
чагымчыл, чек ара, Крым, НАТО, Россия, АКШ
Тема боюнча
НАТО Кара деңизге чыгууда. Альянс Крымда Россияны кысымга алмакчыбы?
Грузиядагы "Татыктуу өнөктөш-2020" аяктады. НАТО аскерлери өлкөдө эмне кылды

Россиянын чемпионатында балбандар мушташа кетти. Видео

403
(жаңыланган 10:50 04.12.2020)
Ингуш балбаны Бабули Цолоев менен осетиялык Алан Багаев чейрек финалда кезиккен. Күрөш башталбай жатып бокска айланган.

Россиянын Смоленск шаарында эркин күрөш боюнча өткөн жаштар арасында өлкө чемпионатында Осетия менен Ингушетиянын балбандары мушташа кетти. Бул тууралуу Sputnik Осетия жазды.

Ингуш балбаны Бабули Цолоев менен осетиялык Алан Багаев чейрек финалда кезиккен. Алардын кармашы башталбай жатып бокска айланган.

Мушташкандарды машыктыруучулар, аренанын кызматкерлери жана атайын даярдыктагы милиция токтотуп калган. Спорттук эрежелерди сактабаган эки балбан тең мелдештен четтетилген.

Кийинчерээк алар элдешип, социалдык тармактарга чогуу түшкөн сүрөттөрүн чыгарышканын Р-Спорт жазды.

403
Белгилер:
мушташ, балбан, Ингушетия, Россия, эркин күрөш
Тема боюнча
Казак футболчусу Улуттар лигасында оюн талаасынын ортосунан гол киргизди. Видео
Өзбекстандагы футболдук беттеш массалык мушташ менен аяктады. Видео
Коронавирустан каза болгон бейтап. Архивдик сүрөт

Коронавирустан дагы беш киши каза тапты. Баары Бишкектен

0
(жаңыланган 11:41 05.12.2020)
Бүгүнкү күндө өлкө ооруканаларында 2 616 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 110 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. COVID жуктуруп ооруканада дарыланып жаткан беш киши каза болгонун Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматта көз жумгандардын баары Бишкекте экени айтылат.

Ушуну менен оорудан мерт болгондордун саны 1 290го жетти.

Бүгүнкү күндө стационарда 2 616 бейтап жатат. Алардын 29унун абалы канааттандырарлык экени маалым болду. 1 821 киши орто оордукта, 656 адам оор абалда, ал эми 110 кишинин абалы өтө оор деп баалануда.

3 515 бейтап үйүнөн дарыланып жатат.

0
Белгилер:
оорукана, Бишкек, стационар, өлүм, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавирус жуктуруп алгандар жана айыккандар. Соңку маалымат