Баткенде өрүк үшүп кетүү коркунучунда. Багбандардын сактап калуу аракети

Жазылуу
Кыргызстан боюнча жаз эң эрте келчү Баткен аймагында өрүк 10 күн мурда эле гүлүн ачкан. Аба ырайы кескин сууй түшкөнүнө байланыштуу эми алар үшүп кетүү коркунучунда турат.

Аба ырайынын "күтүүсүз белегине" карабай баткендик багбандар шаабайы сууп отуруп калбай, өрүктү сактап калууга жанталашып жатышат. Жергиликтүү багбан Турсунали Төлөмүшовдун айтымында, жаңы ачкан гүлдөрдү аман алып калууга дүттүн ышы жардам берет. Дүт деп жергиликтүү калк малдын көңү менен кургак чөптүн аралашмасын аташат.

"Өрүктү үшүктөн ата-бабалардан калган бир гана ушул ыкма менен сактайбыз. Өнүккөн мамлекеттерде жер-жемишти сууктан алып калчу башка каражаттар бар экен. Бизге алар жете элек", — деди Төлөмүшов.

Багбандын айтымында, дүттү баткендиктер күздүн күнү эле даярдап коюшат. Кар түшө электе өрүкзардын ар кайсы жерине кык менен саман аралаштырылып төгүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0