(2:56 / 22.84Mb / )

Кыргыздын басканы сонун маралдай сулуусу кантип тандалды

3908
(жаңыланган 11:40 06.04.2017)
Бишкектеги ресторандардын биринде 5-апрелде "Кыргызстан сулуусу — 2017" конкурсу өттү.

Жеңүүчү деп Кыргызстандын эл аралык университетинин 19 жаштагы студенти Бегимай Карыбекова табылды.

Конкурска өлкөнүн бардык аймактарынан келген 17 кыз катышкан. Алар улуттук кийим кийип, маралдай кериле басып бир топ өнөрлөрүн тартуулашты.

Жеңүүчү Бегимай Карыбекова башына таажы кийип, 100 миң сом сыйлык алды. Андан сырткары, "Дүйнө сулуусу — 2017" эл аралык конкурска Кыргызстандын атынан катышууга жол ачкан жолдомого ээ болду.

3908
Белгилер:
сулуулар сынагы, Бегимай Карыбекова, Бишкек
Тема боюнча
Тыкылдаган шиштака, дүкүлдөгөн жүрөктөр — Бишкек сулуусу кантип тандалды
Кыргызстандык сулуу 720 бриллиант чөгөрүлгөн таажыдан кур калды